26-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКишилер төкмө жаан учурунда. Архив
Кишилер төкмө жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
26-октябрга караган түнү Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында +9...+14, Нарын жергесинде + 7...+12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8...+10 жана Ош калаасында +11...+13 градус болот.
Кар аралаш жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Апта жаан-чачындуу болобу? Кыргызстан боюнча аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0