Ысык-Көлгө кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Абанын температурасы күндүз 8...13 градусту көрсөтөт. Түнкүсүн 0...5 градуска чейин суук болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
24-октябрдан баштап Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарына жамгыр жаашы күтүлүүдө. Тоолуу жерлерге кар түшүп, абанын температурасы 8...13 градусту көрсөтөт. Түнкүсүн 0...5 градуска чейин суук болушу мүмкүн. Апта аяктап калганда, тагыраагы, 28-октябрда күн ачылышы ыктымал. 28-29-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Кемин районундагы Шумкар-Тор жаратылыш коругу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Чүй облусунда келерки аптада аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0