24-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКар жаган учурда кол чатыр кармаган кыз
Кар жаган учурда кол чатыр кармаган кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Таласта +8...+13, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +9...+14 градус жылуу болот.
Бишкекте жамгыр түнкүсүн, ал эми Ошто күндүз мезгил-мезгили менен жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +13...+15, Ош калаасында +14...+16 градус болору айтылды.
Кар аралаш жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Апта жаан-чачындуу болобу? Кыргызстан боюнча аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0