Эшенгулов: Кемпир-Рават сугатка да, электр энергиясын өндүрүүгө да ыңгайлуу
Жазылуу
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов суу сактагыч жайгашкан жердин Кемпир-Рават деп аталып калганынын себебин капчыгайда жайгашуусу менен байланыштырды.
СССР кулаган соң Кыргызстан менен Өзбекстандын тиешелүү министрлери Алматыда жолугуп, Кемпир-Абад суу сактагычындагы сууну колдонуу боюнча документке кол коюшкан. Ошол кездеги министр Мейраждин Зулпуев "Кыргызстандын суу ресурстарын жалпылап башкарабыз" деп кол коюп келгени "Советская Киргизия" гезитине басылып чыккан. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Эшенгулов: Кемпир-Рават сугатка да, электр энергиясын өндүрүүгө да ыңгайлуу
Анын айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычы Кара-Дарыя суусунун нугунда курулган.
"Кемпир-Абад суу сактагычынын туура аталышы — Кемпир-Рават. Анткени "абад" деген шаарды, "рават" деген дарбазаны түшүндүрөт. Ал эми суу сактагыч капчыгайда жайгашып, ошол жерде кемпирдин сөлөкөтүн элестеткен, бети туурулган таштар болгон. Кыргызда илгери кемпир таш деген таштар болот эле, азыркы муун алар тууралуу көп билбей калды. Мына ошолор бул аймактан көп табылган. Таш-Рабат менен Кемпир-Раваттын аталышында географиялык окшоштук бар десек болот. Бул жерден байыркы заманда соодагерлер өткөн жол болушу ыктымал. Ал эми суу сактагыч тууралуу 1976-1980-жылдар аралыгы чыккан Кыргызстан же Өзбекстандын энциклопедияларында эч кандай маалымат жок. Суу сактагычтар негизи эки багытта колдонуу үчүн курулат. Биринчиси, гидростанцияларды иштетип электр энергиясын өндүрүү болсо, экинчиси, сугат иштерине колдонуу. Мисалы, Токтогул, Ат-Башы, Күрп-Сай суу сактагычтары электр энергиясын өндүрүү үчүн жасалган, алардан бир да канал агып чыкпайт. Ал эми Кемпир-Рават суу сактагычы канал дарыянын нугунда курулгандыктан электр энергиясын өндүрүүгө да, сугат иштерине да абдан ыңгайлуу", — деди Эшенгулов.
Ал Фергана өрөөнү "Орто Азиянын бермети" деген атка конуп, эң түшүмдүү жер аталарын жана ал үчүн суу абдан маанилүү экенин кошумчалады.