Вице-спикер Улан Примов кызматын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов. Архив
Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Примов "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан төрага шайланганына байланыштуу иштен кетип жатканын айтты.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматын тапшырды.
Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан төрага шайланганына байланыштуу моралдык жоопкерчиликти сезип иштен кетип жатканын айтты.
Эми ал катардагы депутат болуп калат. Ал эми түштөн кийин жаңы вице-спикер шайлана турган болду.
Белгилей кетсек, өткөн жумада ушул эле фракциядан Нурлан Шакиев төрага болуп шайланган болчу.
Мындан сырткары, Бактыбек Сыдыков "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери болгонуна байланыштуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагалыгынан кетти.
Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
"Ата-Журт Кыргызстандан" бөлүнүп "Мекенчил" тобун түзгөн 14 депутаттын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0