Примов Улан Бердибаевич — өмүр баяны

Жазылуу
Улан Примов 1978-жылы 7-декабрда Ош шаарында туулган.

Билими:

1985-1995 — Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында Макаренко атындагы орто мектеби;

2000 — Ош технологиялык университетинин каржы жана экономика факультетин бүтүргөн;

2004 — Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинен "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган;

Эмгек жолу:

1998 — тамеки-ферментациялык заводдо кызматкер;

Жогорку окуу жайды бүткөн соң Ош облусунун Алай районунун каржы башкармалыгында жетектөөчү адис, башкы бухгалтер, экономика бөлүмүнүн башчысы;

2004-2014— "Пэрити-Коал" ЖЧКсын негиздеген, директор;

2007 — Ош шаардык кеңешинин депутаты, бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын жетекчиси;

2012 — Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2014 — Ош шаардык кеңешинин төрагасы;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДП партиясынан депутат. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0