Өлкөдө жакында 44 млрд. сомго баалуу кагаздарды чыгарууну көздөп жатышат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом монеталары. Иллюстративдик сүрөт
Сом монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен ички карыз түптөлөт. Аларды банктар, финансылык мекемелер, андан сырткары жарандар сатып алса болот.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2023-2025-жылдары наркы 44 миллиард сом болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда. Бул маалыматтар келерки жылдын бюджетинин долбоорунда жана 2024-2025-жылдарга жасалган божомолдо айтылган.
Ал төмөнкүчө пландалган:
2023-жылы — 16 миллиард сомго (быйылкы жылдын бюджетинде пландалганга караганда 381,4 миллион сомго көбүрөөк);
2024-жыл — 14 миллиардга;
2025-жыл — 14 миллиардга.
Кийинки жылдарда алардын көлөмү эмнеге азайып кете турган себебин түшүндүргөн эмес.
Негизинен булар мамлекеттик казначейлик облигациялар болору айтылды (жүгүртүү мөөнөтү 2 жылдан 20 жылга чейин деп каралган). Бир жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казначейлик векселдерди 1,2 миллиард сомдон ашык суммага чыгарылбайт (2023-жылы, кийинки жылдары азаят).
Эске салсак, мамлекеттик баалуу кагаздардын милдети — бюджетти толтуруу, андан сырткары булардын эсебинен мамлекеттин ички карыздары түптөлөт. Вексель, облигацияларды банктар, финансылык мекемелер, андан сырткары жарандар сатып алса болот.
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Улуттук банктын баалуу кагазын сатып алдым, кандай пайда көрөм? Жеке тажрыйба
Жаңылыктар түрмөгү
0