Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чет жакта пол жууп жүрүп салон ачкан кыргыз кызы ийгилик сыры менен бөлүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековНовосибирск шаарындагы сулуулук салонунун негиздөөчүсү Элиза Сатканкулова
Новосибирск шаарындагы сулуулук салонунун негиздөөчүсү Элиза Сатканкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Жазылуу
Новосибирск шаарындагы сулуулук салонунун негиздөөчүсү Элиза Сатканкулова салон ачканга чейин Новосибирскидеги борбордук базарда беш жыл пол жууп иштегенин айтты.
Новосибирск шаарына келип иштеп, жашап жатканына 10 жылдан ашкан Элиза Сатканкулова мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Сатканкул Жээнбаев орус тили жана адабияты мугалими, Мундуз орто мектебинин директору болуп эмгектенген. Ал эми ата-энеси кыргыз тили жана адабияты, математика предметинин мугалимдери. Бул жөнүндө ал Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" уктуруусунда маек куруп жатып баяндап берди.
Чет жакта пол жууп жүрүп салон ачкан кыргыз кызы ийгилик сыры менен бөлүштү
Анын айтымында, келечекте Кыргызстанда сулуулук жаатында окуткан борбор ачуу жана Новосибирскиде ресторандык бизнес түптөө планы бар.
"Бардык эле мигранттар сыяктуу мен дагы иштеп акча табайын, окуумдун акчасын өзүм төлөйүн деп келгем. Алгачкы жылдары пол, идиш-аяк жууп, үйлөрдү жыйнап иштедим. Новосибирскидеги борбордук базарда беш жыл пол жуудум. Эки күн иштеп, эки күн бош болгондуктан кошумча чач тарачтын окуусун окудум. Негизи кичине кезимде эле кыздардын чачтарын ар түрдүү кылып өрүп, жасалгалоого аябай кызыкчу элем. Баары бир ушул кесипте окуйм деген кыялым бар болчу. Иштеп, окуп жүрүп үчүнчү категориядагы чач тарач сертификатын алдым. Ошол мезгилде Новосибирск боюнча кыргыздардын эки-үч эле сулуулук салону болгон. Ошентип акыры бир сулуулук салонуна жумушка орношууга бардым. Ал жерден бактымды таптым. Биринчи салонду ачканымда дал ушул адам гана мага ишенип, колдогон. Учурда ал менин өмүрлүк жолдошум. 2016-жылдын апрель айында борбордук базарда, №24 Крылов дарегинде "Лиза" аттуу эки орундуу салон ачып, алгачкы ишимди баштагам. Салонду ачууга ата-энем, бир тууган иним каражат жагынан колдоп беришти. Баш-аягы 400 миң рублге чукул акча каражаты жумшалды. Ушул убакытка чейин тогуз салон ачып, айрымдары чыгымга учурап кайра жабылды. Учурда үчөөнү иштетип жатабыз. Бул тармак боюнча алты жылдын ичинде чоң тажрыйба топтодум. Алдыда эми Кыргызстанда да сулуулук жаатында окуткан борбор ачып жана Новосибирскиде ресторандык бизнес түптөө планыбыз бар", — деди Сатканкулова.
Ал салондо алты кесип боюнча окутарын (кирпик улоо, тырмак жасоо, татуаж, эркектердин чачын тегиздөө, аялдардын чачын жасалгалоо жана ар тараптуу чач тарач), учурда иштеп жаткан мастерлердин 50 пайызы ушул салондо окуп, кайра иштеп калышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0