Маймыл, ак илбирс. Жер жүзүнөн жоголуп бараткан жаныбарлардын сүрөттөрү
Маймыл, ак илбирс. Жер жүзүнөн жоголуп бараткан жаныбарлардын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
2050-жылга барып тирүү заттардын миллиондон ашуун түрү жер жүзүнөн жоголуп кетиши мүмкүн. Sputnik сейрек кездешүүчү жаныбарлардын сүрөттөрүн чогултту. 08.10.2022, Sputnik Кыргызстан
Ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын эмгектери жыйналган БУУнун докладында XXI кылымдын орто ченине жеткенде учурдагы жаныбарлардын 40 пайызы жоголуп кетиши мүмкүндүгү айтылат.Жоголуп кетүү чегинде турган жаныбарлар соңку 10 жылдын ичинде 80-90 пайызга азайган. Мисалы, жапайы жаратылышта болгону 70тей эле Ыраакы Чыгыш кабыланы калган, Калифорния деңиз чочкосу ондоп гана саналат. Мындан сырткары, 2050-жылга барып шурулуу рифтердин 90 пайызы өлүп калышы мүмкүн.
2050-жылга барып тирүү заттардын миллиондон ашуун түрү жер жүзүнөн жоголуп кетиши мүмкүн. Sputnik сейрек кездешүүчү жаныбарлардын сүрөттөрүн чогултту.
Ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын эмгектери жыйналган БУУнун докладында XXI кылымдын орто ченине жеткенде учурдагы жаныбарлардын 40 пайызы жоголуп кетиши мүмкүндүгү айтылат.
Жоголуп кетүү чегинде турган жаныбарлар соңку 10 жылдын ичинде 80-90 пайызга азайган. Мисалы, жапайы жаратылышта болгону 70тей эле Ыраакы Чыгыш кабыланы калган, Калифорния деңиз чочкосу ондоп гана саналат. Мындан сырткары, 2050-жылга барып шурулуу рифтердин 90 пайызы өлүп калышы мүмкүн.
Кирин аттуу Ыраакы Чыгыш (амур) кабыланы Прагадагы зоопаркта туулган. Ал жапайы мышыктардын сейрек кездешкен түрлөрүн сактоо эл аралык программасы менен алып келинген
Суматра орангутаны — жер жүзүндөгү чанда кездешчү маймыл. Мындай жаныбарды жаратылыштан бир гана Индонезиянын Суматра аралынан көрө аласыздар. Сүрөт Германиянын Мюнхен шаарындагы Хеллабрунн зоопаркынан тартылган
Ак илбирс Жаратылышты коргоо эл аралык союзунун кызыл тизмесине киргизилген жана сейрек кездешүүчү же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ. Сүрөттөгү ак илбирс Вудленд-Парк (Сиэтл, АКШ) зоопаркында багылат
Вакита (калифорниялык деңиз чочкосу) — жоголуп кетүү коркунучунда турган сүт эмүүчүлөр тобундагы деңиз жаныбарларынын бир түрү. Дүйнөдөгү кит сымалдуулардын эң кичинеси болуп саналат
Франклин аарысы — жоголуп бараткан курт-кумурскалар түрүнө кирет, алар Американын Калифорния жана Орегон штаттарын байырлайт. Соңку ирет 2006-жылы байкалган