Бишкектин бир бөлүгүндө 11-октябрда суу өчөт. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовСуу көтөрүп бараткан адам. Архив
Суу көтөрүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Жазылуу
Эки суу кампасында жана суу түтүктөрү тармагында оңдоп-түзөө иштери жүрөт.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү, 11-октябрда, Бишкектин бир бөлүгү муздак суусуз калат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Чектөө иштери Гагарин жана Түштүк-Батыш суу кампаларындагы жана суу түтүктөрү тармагындагы оңдоо иштеринен улам саат 9:00дөн 22:00гө чейин уланат.
Суу өчүрүлө турган жерлер:
Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циолковский, Тимур Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрү менен чектешкен жерлерде, Рабочий городок, Жер иштетүү институтунун аймагында;
Ак өргөө, Ак ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түндүгүрөөк жагындагы көчөлөр), Теңир-Тоо (Ахунбаевден ылдый) конушундагы үйлөрдө, бала бакчаларда, мектептерде, саламаттык сактоо жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилеринде;
Мэрия шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, элге сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Автобус алуудагы 155 млн. сомдук чыгым. Мэрия Башкы прокуратурага жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0