8-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеп жүргөн кыздар
Паркта сейилдеп жүргөн кыздар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Жазылуу
8-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ишемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +20...+25, Талас жергесинде +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарында +14...+19 градус болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +23...+25, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте күз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Күн кайра ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0