Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акунбеков: жүгөрүнү туура өстүрүү боюнча "талаа күнү" өттү

© Sputnik / Асель СыдыковаГенеральный директор центра поддержки сельского хозяйства "Бай-Дыйкан" Эрлист Акунбеков
Генеральный директор центра поддержки сельского хозяйства Бай-Дыйкан Эрлист Акунбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Жазылуу
"Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков дыйкандарга жүгөрүнү туура өстүрүү боюнча маалымат берилгенин айтты.
Талаа күнү өтүп, дыйкандарга жүгөрүнүн түшүмүн 2-3 эсе көбөйтүү боюнча мүмкүндүктөр көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эрлист Акунбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акунбеков: жүгөрүнү туура өстүрүү боюнча "талаа күнү" өттү
Анын айтымында, аталган иш-чарада дыйкандарга көп түшүм бере турган уруктар сунушталды.
"Жакында жүгөрүнүн "limagrain" уругун өстүрүү боюнча "талаа күнү" өттү. Анда дыйкандарга аталган жүгөрүнүн сортун өстүрүү, түшүмү боюнча кеңири маалымат берилди. Фермерлер жерди даярдоодон баштап, сугаруу, асыроо, жалпы өстүрүү технологиясын сактаганда түшүм кандай болорун көрүштү. Муну менен бирге айыл чарба адистери бири-бири менен пикир алмашып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Аталган иш-чарада айыл чарба техникасынын көрсөтмөсү уюштурулду. Бул жүгөрүнүн түрү өлкөдө буга чейин деле өстүрүлүп келген. Салыштыруу үчүн алсак, жергиликтүү жүгөрү сорттору гектарынан орточо 50-70 центнер түшүм алынат. Ал эми "limagrain" уругу 170-180 центнерге чейин түшүм бере алат", — деди Акунбеков.
Адис жүгөрүнүн "маями", "пионер" уруктары дагы түшүмдүү болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0