Атазов армияга курал-жарак алуу үчүн иштегендерден 200 сомдон чогултууну сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Жазылуу
Эл өкүлү мындай сунушка кыргыздын иштеген ар бир патриоту макул болот деген ниетин билдирген.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында кыргыз армиясына курал-жарак сатып алуу үчүн ай сайын иштеген адамдан 200 сомдон чогултууну сунуштады.
"18 жаштан өйдө 1 миллион киши иштесе, алар ай сайын 200 сомдон берип турса, бир айда 200 миллион сомдон түшүп турат экен. Ушуну беш жыл киргизип турса. Бул кийим-кечек, тамак-ашына эмес, курал-жарак алуу үчүн резервге түшөт", — деди ал.
Эл өкүлү мындай сунушка кыргыздын иштеген ар бир патриоту макул болот деген ишенимин билдирген.
Учкучсуз учкан Байрактарды сынап көрүштү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Учкучсуз учкан "Байрактарды" сынап көрүштү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0