Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / FEDERICO GAMBARINI / DPAЖамгыр учурунда кол чатыр кармаган адамдын фонунда көгүчкөндөр. Архив
Жамгыр учурунда кол чатыр кармаган адамдын фонунда көгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 4-октябрь, шейшембиде, айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +15...+20, Таласта +13...+18, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында +19...+24, Нарын менен Ысык-Көл өрөөндөрүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт. Борбор калаада бул күнү мезгил-мезгили менен жамгыр жааса, Ошто күн ачык болору болжолдонду.
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2022
Пландалгандан көп. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0