Көмүрдү Бишкекте кайсы жерлерден сатып алса болот. Баасы, дареги

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКөмүр кампасы. Архив
Көмүр кампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жазылуу
Мэрия бишкектиктерди көмүрдү эртерээк алып, кышка алдын ала кам көрүүгө чакырды.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы көмүрдү канча сомго жана кайсы жерден сатып алса болорун кабарлап, ал жердин даректерин берди.
Мэрия бишкектиктерди отун-суусун кышка эртерээк камдап алууга чакырды.
Биринчи май районунун аймагында Кара-Кече көмүрүн төмөнкү үч жерде сатып жатат:
Ак-Босого конушу, Архитектор көч. жана Чүй пр., 14. Баасы бир тоннасына 4 300 сом;
Мурас-Ордо, 13 жана 19. Баасы — 4 500 сом (тоннасы) же бир мүшөгү 170 сом.
1-октябрдан тарта Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде да сатыла баштамакчы. Мүшөгү — 200 сом.
Свердлов району:
Достоевский көч., 1. Шабыр Көл көмүрү тоннасына 5000 сом;
Келечек конушунда айланма жолду бойлото жайгашкан аймактарда мүшөгү 250-300 сом;
Дордой-2 конушу, айланма жолду бойлото жайгашкан аймактарда, ушул эле баада сатылууда.
Ленин районундагы төмөнкү алты жерде сатылууда:
Мурманская көч., 126. Баасы — 4 000 сом (жүктөгөнүн кошкондо);
Мурманская көч., 45/2. Баасы — 5 000 сом;
Мурманская көч., 122, 122а. Баасы — 4 000 сом;
Мурманская, 1Б. Баасы — 4 200 сом;
Коргоо министрлигинин көмүр базасы, Дэн Сяопин пр., 306а. Баасы — 4 200 сом;
Дэн Сяопин пр., 308/4. Баасы — 4 200-5 500 сом.
Андан сырткары, Алыкулов көч. (мүшөгү 250 - 350 сом) жана Гагарин көч., 67 (мүшөгү 250 - 400 сом) сатылууда.
Октябрь районунда төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
Төкөлдөш району. Баасы — 5 000 сом;
Достоевский көч., 97к. Баасы — 4 000 сом;
Октябрь (Анкара) көч., 2/2. Баасы — 4 000 сом;
Анкара көч., 1а. Баасы — 4 000 сом.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Радио
Эшатов: РФ менен келишим бар үчүн күйүүчү майдын баасы коңшулардан арзан
Жаңылыктар түрмөгү
0