26-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Sputnik / Медиабанкка өтүүЧуңкурчак. Архивдик сүрөт
Чуңкурчак. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Жазылуу
26-сентябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ошто +30...+32 градуска жетет.
Сейилдеп жүрөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Ысыктын илеби кайтабы? Кыргызстандагы бир жуманын аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0