Сөөктөр отундай тизилип көмүлүптүр... Архитектор Анарбек Жумакалиевдин маеги
18:52 25.09.2022 (Жаңыртылды: 19:14 25.09.2022)
Жазылуу
Анарбек Жумакалиев көп жыл өлкөнүн курулуш тармагында эмгектенип, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга катышкан. Ал 35 жашында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору болгон.
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын, "Манас" эл аралык аэропортунун, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин архитектору болгон инсан менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Элеттик жигит кантип курулушка кызыгып архитекторлукту аркалап калган?
— Сокулук районундагы Төш-Булак айылында туулуп, борбор калаадагы №5 мектепте окуп, 9-класста интернатка кеткем. Ал жактан билим алган соң айылга барып колхоздо устачылык менен алектенип калдым. Атам да элге таанымал жыгач уста болчу. Кийин Ташкентке жогорку окуу жайга өтүп архитектор адистигин алып, 1969-жылы "Кыргызгипрокурулуш" мамлекеттик долбоорлоо институтуна жумушка киргем. Өмүрүм ошол куттуу жерде өттү, далай долбоорлорду ишке ашырып 2015-жылга чейин иштедим.
— Тажрыйба топтоп калганда азыркы Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрын долбоорлогон экенсиз. Курулуш иштери кандай жүрдү?
— Архитектордун жумушу — тышкы, ички көрүнүшүн, аянтты туура пайдаланууну эсептеп чыгуу. Куруучулардын жасаган ишинин сапатын, нормага туура келип жатканын текшерүү. Жадагалса, театрга келген көрүүчүнүн отургучунун бийиктиги, узуну, туурасына чейин эсептеп чыкчубуз. Мисалы, бир отургучтун жөлөнгүчүнөн экинчисине чейин 80 сантиметр аралык сакталышы керек. Эң алгачкы долбоорум "Сейтек" республикалык балдар жана өспүрүмдөр борбору болгон. Аны башында Фрунзе шаардык компартиясынын жыйындар залы катары курганбыз. Имараттын ичине 700 адам бата тургандай кылып долбоорлоп, курулушун бир жылда толугу менен бүткөнбүз. Кийин балдарга арналган борборго айланып кетти. Андан соң Улуттук орус драма театрын баштадык. Ал кезде 21 жашта эле болчумун. Азыркы имараттын ордунда бир кабаттуу 200-300 көрүүчүгө ылайыкталган эски театр бар болчу. Башында реставрациялайбыз дешкен, бирок имарат ага жарабайт болчу. Кийин аны толугу менен бузуп, жаңысын курдук. Ал бардык шарты менен 700 көрүүчүгө эсептелген. Театрдын ички механизми аябай татаал. Мисалы, театрдын тегерек сахнасы бар. Берки бетинде спектакль ойнолуп жатса, аркы бети кийинкисине даяр турат. Антракт болгондо кыйынчылыксыз 360 градуска айланат. Актерлор үчүн 200дөй бөлмө каралган, жер алдында архив, чарбалык бөлмөлөр, ашкана, кампа бар болчу. Жумушчулар эки сменада иштеп, эки жылда бүтүргөнбүз. Ал кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова кыйын болчу, жүгүрүп жүрүп акча бөлдүртүп далай маданият мекемелерин курдуртту. Мен эле республика боюнча жети-сегиз маданият үйүн курдум. Караколдогу облустук драма театрдын долбоорун да мен түзүп, 1980-жылы 35 жашымда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору болгом.
© Sputnik / ДроновАрхитектор Жумакалиев: Улуттук орус драма театрын баштаганда 21 жашта болчумун. Башында реставрациялайбыз дешкен, бирок имарат ага жарабайт болчу.
Архитектор Жумакалиев: Улуттук орус драма театрын баштаганда 21 жашта болчумун. Башында реставрациялайбыз дешкен, бирок имарат ага жарабайт болчу.
© Sputnik / Дронов
— Союз маалында имараттар сапаттуу салынып, нормалар сакталгандыктан көпчүлүгү азыркыга чейин кызмат кылып келе жатат деп адистер айтып калышат. Көзөмөл күчтүү болсо керек?
— Аябай катуу көзмөлдөчү. Мен архитектор катары автордук көзөмөл жүргүзчүмүн. Ар бир жасалган иш долбоорго, талапка жооп бере турганын карап чыкчумун. Сейсмикалык жактан он баллга чейин туруштук бериши керек болчу. Ал кезде Фрунзеде тогуз кабаттан бийик имарат салганга уруксат берчү эмес. Азыр негедир 20 кабатка чейин тургузуп жатышат.
— Кийин "Манас" эл аралык аэропортунун аэровокзалынын долбоорун түзүп, курулуш иштерине катышкан экенсиз. Курулуш кагыраган эле талаада башталды да. Өзгөчөлүгүн айта кетсеңиз?
— Фрунзе шаары кеңейип, эски аэропортко учакты учуруп-кондуруу кооптуу болуп калган. Мындан улам аны көчүрүү демилгеленген. Башында Токмок шаары тандалып, бирок жер тартыш болгондуктан азыркы жайгашкан жер белгиленген. Жалпы жүз гектар жерге 20дай объект салынган, мен аэровокзалдын гана авторумун. Башында курулуш болчу жерге барганда боз талаа болчу. Москвадан акча бөлүнүп курулушту баштаганбыз. Үч кабаттуу аэровокзалдын узундугу 195, туурасы 72 метр. Аэровокзал куруу боюнча мамлекет бекиткен өзүнчө норма бар эле. Учуп келгендер биринчи кабаттан кирсе, учуп кете тургандар экинчи кабаттан кетип, бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Ашкана, күтүү залы, кампасы өңдүү кошумча курулуштар каралган. Бир саатта 1 700 адамды учурганга ылайыкталган. Күн сайын аэровокзалдын курулушуна эле 200-250дөн жумушчу чыкчу. Башка курулуштарда жүздөгөн адам эмгектенген. Ар ишемби сайын Турдакун Усубалиев келип текшерип кетчү. Ал киши мени ээрчитип алып бул жагы кандай болот, тиги жагы кандай болот деп улам суроо берип, баарын кыдырып чыкчу. Архитектор концерттин дирижеру сыяктуу, биз дагы иштин жасоо мөөнөтүн, ырааттуулугун, сапатын карайбыз. Курулушка өзүбүздүн материалдар эле колдонулду, бир гана кара граниттерди Киевден сатып алып келгенбиз. Иш толугу менен 1974-жылы бүткөндө ачылышына СССРдин Министрлер советинин төрагасы Алексей Косыгин өзү учуп келип катышкан.
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"Жумакалиев: Аэровокзал курууда өзүнчө норма бар эле. Учуп келгендер 1-кабаттан кирсе, учуп кете тургандар 2-кабаттан кетип, бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Ашкана, күтүү залы, кампасы өңдүү кошумча курулуштар каралган.
Жумакалиев: Аэровокзал курууда өзүнчө норма бар эле. Учуп келгендер 1-кабаттан кирсе, учуп кете тургандар 2-кабаттан кетип, бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Ашкана, күтүү залы, кампасы өңдүү кошумча курулуштар каралган.
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
— Аэропорттогу учактарды керосин менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күйүүчү май жер астына жаткырылган түтүк менен келчү экен...
— Ооба. Ал түтүк Сокулуктагы нефть базадан бери жер алды менен казылып келинген. Анткени бир учакка эле 20 тонна керосин куюлат, ички каттамдардан сырткары Москвага эле жумасына жети жолу уччу. Дегеним, ал күйүүчү майды автоунаа менен ташып суроо-талапты толук камсыздоо мүмкүн эмес болчу. Ошол үчүн ушундай ыкма колдонулган.
© Sputnik / Мирбек СакеновАнарбек Жумакалиев: Ар ишемби сайын Турдакун Усубалиев келип текшерип кетчү. Ал киши мени ээрчитип алып бул жагы кандай болот, тиги жагы кандай болот деп улам суроо берип, баарын кыдырып чыкчу.
Анарбек Жумакалиев: Ар ишемби сайын Турдакун Усубалиев келип текшерип кетчү. Ал киши мени ээрчитип алып бул жагы кандай болот, тиги жагы кандай болот деп улам суроо берип, баарын кыдырып чыкчу.
© Sputnik / Мирбек Сакенов
— Андан соң "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине катышып Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татып жатасыз. Ал топко кандайча кирип калдыңыз?
— "Ата-Бейитти" куруу боюнча сынакка катышып утуп алып, аны төрт архитектор, эки скульптор курдук. Башында репрессиянын курмандыктарын казып алууга да күбө болуп калдым. Ошондо Төрөкул Айтматовдун чөнтөгүнөн кагаздар чыккан, адистер изилдеп башка маркумдардын аты-жөнүн тактоо үчүн Москвага чейин барып маалымат топтогон. Сөөктөр отундай тизилип көмүлүптүр. Аталарыбызды кыш заводунун жанындагы аңга баарын тыгып үстүн бетондоп салышкан экен. Ошондо Чүйдүн Камышановка айылында да репрессиялангандардын сөөгү көмүлгөн жер бар деген кеп да айтылган.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин курулушу каржылык маселелерден улам үч жылга созулуп кетти. Биринчи жылы жарымын бүтүп, акча жок болуп алты айдай күтүп, кайра улантып 1999-жылы толук бүткөнбүз. Ал кезде каржылык жактан, айрым курулуш материалдарынын таңсыктыгынан кичине кыйналганбыз. Негизи тарыхый объектилерди салуу катардагы курулушка караганда өтө оор. Анын тарыхын, документтерди изилдеш керек, кошумча адистер тартылат. Мисалы, "Ата-Бейитте" сүрөтчүлөр эле бир жылдай сүрөт тартышкан. Мамлекет эмгегибизди жакшы баалап, бардыгыбыз Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыганбыз. Ал сыйлыкты акын, жазуучуларга алганга жеңил, архитекторлорго өтө оор. Ошол үчүн Токтогул сыйлыгы архитекторлордон "Ата-Бейит" жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейин кургандар гана алган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРАрхитектор Жумакалиев: "Ата-Бейитти" куруу боюнча сынакка катышып утуп алып, аны төрт архитектор, эки скульптор курдук. Башында репрессиянын курмандыктарын казып алууга да күбө болуп калдым.
Архитектор Жумакалиев: "Ата-Бейитти" куруу боюнча сынакка катышып утуп алып, аны төрт архитектор, эки скульптор курдук. Башында репрессиянын курмандыктарын казып алууга да күбө болуп калдым.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
— Ири долбоорлордон сырткары күмбөздөрдү да реставрация кылып калган жайыңыз бар экен. Ошолор жөнүндө сөз кыла кетсеңиз.
—1997-жылы Байтик баатырдын күмбөзүн реставрациялагам. Неберелери келип суранганынан эки жылда жасап бергем. Ал ишке архитектордон башка химиктер, тарыхчылар катышып, Ленинград шаарына чейин барып документтерди алып келген. Кыргызстанда акчанын жоктугунан далай күмбөздөр оңдоп-түзөлбөй жок болуп кетти. Башка мурдагы союздук республикалардын көпчүлүгүндө бул боюнча атайын институттар иштеп көп тарыхый объектилерин сактап калды. Бизде болсо каралган жок. Мисалы, Манастын күмбөзү 1972-жылы реставрация кылынган бойдон турат, Бурана деле азыр оңдоп-түзөөнү талап кылууда.