Этникалык кыргыздардын мекенине келүү шартын жеңилдеткен мыйзам сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Жазылуу
Аталган демилгени вице-спикер Улан Примов иштеп чыккан.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү, көчүрүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү максатында мыйзам долбоору сунушталды.
Аталган демилгени Жогорку Кеңештин вице-спикер Улан Примов иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Долбоордо этникалык кыргыздарга учурда жашаган өлкөсүндө катталган менчик автоунаалары менен Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүү каралган. Тагыраак айтканда, чек арадан бажы алымысыз түз өтүүгө болот.
Ошондой эле КРдин чет мамлекеттеги мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана документтерин кабыл алып, 10 жумушчу күндүн ичинде миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүүгө милдеттендирүү сунушталууда.
Окуу учурунда университеттин студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 75 орун бөлүндү
Жаңылыктар түрмөгү
0