Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баткенге жаңы үйлөрдү суук түшкөнчө салгыла. Садыр Жапаров кеңешме өткөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу  кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Жазылуу
Жумушчу кеңешмеге министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ошондой эле президент социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген

Ошондой эле президент социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген - Sputnik Кыргызстан
3/3

Ошондой эле президент социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген

1/3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

2/3

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан

3/3

Ошондой эле президент социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан.
"Анда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди. Садыр Жапаров биринчи кезекте эвакуацияланган элге зарыл болгон бардык жардамды көрсөтүп, талкаланган турак жайларды калыбына келтирип, толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө тез арада салууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле президент социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.

Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашканы айтылды.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшкөн. 17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
18-сентябрда атышуу токтоду, чек арада абал кабал толук турукташа электиги айтылды.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө тажик тарап Кыргызстанга чыккынчылык менен кол салганын белгилеген.
Түнгө чейин аткылашкам, күйгөнүмдү кийин билдим. Чек арачы Зулпидиндин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Түнгө чейин аткылашкам, күйгөнүмдү кийин билдим. Чек арачы Зулпидиндин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0