Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баары күлгө айланган. Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базардын видеосу

© Sputnik / Зульфия ТургуноваТажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базары
Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Учурда айылда бирин-серин гана жергиликтүү жашоочулар болбосо, үйлөр бош бойдон турат.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Тажик тарап Баткендин Интернационал айылындагы "Достук" базарын толугу менен өрттөп кеткендигин базардын администрациясы билдирди.
Жалпы аянты 1 100 чарчы метр болгон базарга өрт 16-сентябрь күнү эртең менен коюлган. Администрация өкүлү Ташмат Мажитовдун айтымында, ал күнү атышуу болуп жаткандыктан, өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, тилсиз жоону токтото алышкан эмес.
"Базарда азык-түлүк, кийим-кече, айыл чарба шаймандары, айтор, бардык нерсе күйүп кеткен. Эч нерсе калган эмес. Айланасында 18 дүкөн болгон. Базарда жалпысынан 50дөй сатуучу иштечү. Учурда келтирилген чыгымды комиссиялык топ эсептеп жатат", — деген Мажитов.
60 жаштагы Кулунду айылынын жашоочусу Идаят Анарбаева дал ушул базарда иштеп, жан бакчу. 16-сентябрда адаттагыдай эле жумушуна келген. Бирок атышуу башталганда, товарын таштап качууга аргасыз болгонун айтты.
© Sputnik / Зульфия Тургунова60 жаштагы Кулунду айылынын жашоочусу Идаят Анарбаева
Возгорание из-за обстрелов на рынке села Интернационал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
60 жаштагы Кулунду айылынын жашоочусу Идаят Анарбаева
"Жолдошумдун көзү өткөн. 25 жаштагы уулумду үйлөндүрөйүн деп оокат кылып жатканда минтип каргаша болуп кетти. Азык-түлүк сатчумун, андан эч нерсе калбаптыр. Базар толугу менен өрттөнүп кеткенин интернеттен көрүп, ичим ачышканынан ыйлап жибердим", — деди ал.
39 жаштагы Кубанычбек Байгесеков да ушул базарда иштеп, беш баласын багып келгенин айтып, 2 миллион сом чыгымга кириптер болгонун кошумчалады.
© Sputnik / Зульфия Тургунова39 жаштагы Кубанычбек Байгесеков
Возгорание из-за обстрелов на рынке села Интернационал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
39 жаштагы Кубанычбек Байгесеков
"Базардагы дүкөндө кийим-кече сатчубуз. 16-сентябрда эртең менен балдарды мектепке жөнөтүп жатканда атышкан үндөр угулуп, дароо артка кайтып, Раззаков шаарына качканга жетиштик. Кайра келсек дүкөн да толугу менен өрттөнүп кетиптир, андан башка киреше булагы жок эле", — деди Байгесеков.
Учурда Интернационал айылында бирин-серин гана жергиликтүү жашоочулар болбосо, айылдагы үйлөр бош бойдон турат.
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Тажик тарап Баткендин Интернационал айылындагы "Достук" базарын толугу менен өрттөп кеткендигин базардын администрациясы билдирди

Тажик тарап Баткендин Интернационал айылындагы "Достук" базарын толугу менен өрттөп кеткендигин базардын администрациясы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/5

Тажик тарап Баткендин Интернационал айылындагы "Достук" базарын толугу менен өрттөп кеткендигин базардын администрациясы билдирди

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Жалпы аянты 1 100 чарчы метр болгон базарга өрт 16-сентябрь күнү эртең менен коюлган

Жалпы аянты 1 100 чарчы метр болгон базарга өрт 16-сентябрь күнү эртең менен коюлган - Sputnik Кыргызстан
2/5

Жалпы аянты 1 100 чарчы метр болгон базарга өрт 16-сентябрь күнү эртең менен коюлган

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Администрация өкүлү Ташмат Мажитовдун айтымында, ал күнү атышуу болуп жаткандыктан, өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, тилсиз жоону токтото алышкан эмес

Администрация өкүлү Ташмат Мажитовдун айтымында, ал күнү атышуу болуп жаткандыктан, өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, тилсиз жоону токтото алышкан эмес - Sputnik Кыргызстан
3/5

Администрация өкүлү Ташмат Мажитовдун айтымында, ал күнү атышуу болуп жаткандыктан, өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, тилсиз жоону токтото алышкан эмес

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Учурда Интернационал айылында бирин-серин гана жергиликтүү жашоочулар болбосо, айылдагы үйлөр бош бойдон турат

Учурда Интернационал айылында бирин-серин гана жергиликтүү жашоочулар болбосо, айылдагы үйлөр бош бойдон турат - Sputnik Кыргызстан
4/5

Учурда Интернационал айылында бирин-серин гана жергиликтүү жашоочулар болбосо, айылдагы үйлөр бош бойдон турат

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базары

Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базары - Sputnik Кыргызстан
5/5

Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базары

1/5

Тажик тарап Баткендин Интернационал айылындагы "Достук" базарын толугу менен өрттөп кеткендигин базардын администрациясы билдирди

2/5

Жалпы аянты 1 100 чарчы метр болгон базарга өрт 16-сентябрь күнү эртең менен коюлган

3/5

Администрация өкүлү Ташмат Мажитовдун айтымында, ал күнү атышуу болуп жаткандыктан, өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, тилсиз жоону токтото алышкан эмес

4/5

Учурда Интернационал айылында бирин-серин гана жергиликтүү жашоочулар болбосо, айылдагы үйлөр бош бойдон турат

5/5

Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базары

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салган баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Аткылоого тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшүп, бир катар объектилер талкаланган.
Андан соң алар17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен. 18-сентябрда атышуу токтогону менен, Чек ара кызматы абал толук турукташа электигин билдирди.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө Тажикстан Кыргызстанга агрессиялуу түрдө, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун берген маалыматы боюнча, Тажикстан Куралдуу күчтөрү 200дөй жоокеринен айрылган, дагы 400дөйү жарадар болду.
Кыргыздар тажиктерди өлүмдөн кантип сактап калган? Архивдик видеолор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Кыргыздар тажиктерди өлүмдөн кантип сактап калган? Архивдик видеолор
Жаңылыктар түрмөгү
0