https://sputnik.kg/20220920/bishkekte-kajyrchylyk-kylgan-ayal-izdeluudo-1068101176.html
Кайыр сурачу. Бишкекте Бейшегүл Мамеркулова изделүүдө. Белгилери
Кайыр сурачу. Бишкекте Бейшегүл Мамеркулова изделүүдө. Белгилери
Sputnik Кыргызстан
Аялдын үйүнөн 3-августта чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылды. 20.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-20T17:30+0600
2022-09-20T17:30+0600
2022-09-20T17:31+0600
кыргызстан
бишкек
милиция
издөө
https://sputnik.kg/img/07e6/09/14/1068100931_0:36:736:450_1920x0_80_0_0_044d2d0492b67257eb3bea20a21e5cda.jpg
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова изделип жатканын Ленин РИИБдин маалымат кызматы билдирди.5-августта милицияга С.Б. аттуу шаар тургуну 65 жаштагы эжеси дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аял 3-августта саат 14:00 чамасында Чүй жана Жаш гвардия проспектилеринин кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес."Азыркы тапта жоголгон аялдын кайда жүргөнү белгисиз", — деп жазылат маалыматта.Аталган факт Ленин РИИБдин Бирдиктүү реестрине катталган.Изделип жаткан аялдын белгилери:Бою болжол менен 152-155-сантиметр, орто бойлуу, чачын бир аз ак баскан, калың кара каштуу, көздөрү чоң. Ал жашыл түстөгү көйнөкчөн жана кара түстүү жайкы бут кийимчен жүргөн.Мамеркулованын спирт ичимдигин колдонуп, кайырчылык кылары айтылды.Милиция аялды көрүп-билгендер 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102 телефон номерлерине чалып коюуну өтүндү.
https://sputnik.kg/20220827/kol-ak-suu-uch-bala-aman-ehsen-tabyldy-1067253031.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/14/1068100931_0:0:736:553_1920x0_80_0_0_18edd2e5e908da65ab779766fd551f6b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, милиция, издөө
кыргызстан, бишкек, милиция, издөө
Кайыр сурачу. Бишкекте Бейшегүл Мамеркулова изделүүдө. Белгилери
17:30 20.09.2022 (Жаңыртылды: 17:31 20.09.2022) Аялдын үйүнөн 3-августта чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова изделип жатканын Ленин РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
5-августта милицияга С.Б. аттуу шаар тургуну 65 жаштагы эжеси дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аял 3-августта саат 14:00 чамасында Чүй жана Жаш гвардия проспектилеринин кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.
"Азыркы тапта жоголгон аялдын кайда жүргөнү белгисиз", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Ленин РИИБдин Бирдиктүү реестрине катталган.
Изделип жаткан аялдын белгилери:
Бою болжол менен 152-155-сантиметр, орто бойлуу, чачын бир аз ак баскан, калың кара каштуу, көздөрү чоң. Ал жашыл түстөгү көйнөкчөн жана кара түстүү жайкы бут кийимчен жүргөн.
Мамеркулованын спирт ичимдигин колдонуп, кайырчылык кылары айтылды.
Милиция аялды көрүп-билгендер 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102 телефон номерлерине чалып коюуну өтүндү.