Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.
Аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштын 3-күнү. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Чек арада мындан төрт күн мурда башталган жаңжал Кыргызстандын бир топ жаранынын өмүрүн алып кетти.
Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, учурда абал чыңалган боюнча турат.
Sputnik Кыргызстан чек арадагы абалды чагылдырган тексттик трансляциясын улантат.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:04 19.09.2022
ӨКМ: Баткендин ички жолдору ачылып, автоунаалар каттап жатат
Сүлүктү — Раззаков — Баткен жолдору, Ош – Раззаков – Баткен, Төрт-Көчө автожолу ачык. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кадамжай жана Баткен жолу да ачылып, автоунаалар кадимки нукта каттап жатканы кабарланды.
Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеринде иш алып барып жатканын айтышты.
23:14 18.09.2022
Тажикстандын Кыргызстанга агрессиялык кол салуусунан улам көз жумгандардын саны 59 адамга жетти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал эми жарадарлардын саны 144 киши экенин айтышты.
22:28 18.09.2022
Тажикстан Кыргызстанга агрессия менен куралдуу кол салды
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ТИМ билдирүү жасады
Биз тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасалды” деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады.
Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт деп жоопкерчилик менен билдиребиз. Кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагындагы агрессиянын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Куралдуу кол салуу. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ТИМ билдирүү жасады
20:27 18.09.2022
Похороны старшего лейтенанта Апсамата Жекшенбекова - Sputnik Кыргызстан
20:27 18.09.2022
Похороны старшего лейтенанта Апсамата Жекшенбекова - Sputnik Кыргызстан
20:27 18.09.2022
Старший лейтенант Апсамат Жекшенбеков  погибший в ходе пограничного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
20:26 18.09.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда баатырларча курман болгон Апсамат Жекшенбеков туулуп-өскөн Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында акыркы сапарга узатылды.
18:39 18.09.2022
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан каза болгондордун саны 46 адамга жетти.
Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
18:24 18.09.2022
16:46 18.09.2022
Бүгүн, 18-сентябрда, президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулады.
16:32 18.09.2022
Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды
Расмий маалыматтарда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылыш жана анын кесепети 36 жай жарандын жана аскерлердин өмүрүн алып кетти.
16:27 18.09.2022
Сбор гумпомощи для жителей Баткенской области в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
16:26 18.09.2022
Сбор гумпомощи для жителей Баткенской области в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
16:26 18.09.2022
Сбор гумпомощи для жителей Баткенской области в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
16:26 18.09.2022
Бүгүн таң эрте Баткен облусуна Нарындан гуманитардык жардам жүктөгөн эки фура жөнөп кетти.
15:48 18.09.2022
Баткен облусунда шаар, райондорду бириктирген жолдун баары ачык.
Бул тууралуу Баткен башчысынын орун басары Маруфхан Тулаев түз эфир учурунда билдирди.

"Учурда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир айылда ИИМ кызматкерлери иштеп жатат. Ошондой эле Баткенде келтирилген чыгымды эсептөө боюнча жумуштар башталды", — деди ал.

15:35 18.09.2022
Баткен жана Лейлек райондорунда 8 079 абонент электр жарыгысыз калды.
Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр кубаты өчкөн жок. Бишкектен электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн төрт атайын машина чыгып кетти.
15:22 18.09.2022
Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч болуп турат, турукташууга жакын тенденция бар.
Бул туурасында Чек ара кызматы 18-сентябрь, саат 14:00гө берген маалыматында билдирди.

Чек ара тилкелеринде атышуунун үнү угулган жок, абалдын курчуп кетүүсү байкалган жок. Тараптар жаңжалды токтотууга жана куралдуу күчтөрдү алып кетүү боюнча макулдашууну карманууда.

14:37 18.09.2022
14:12 18.09.2022
Командир батальона Эламан Ураимов погибший в ходе пограничного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0