19-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр тамчылары. Архив
Жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Жазылуу
19-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Кыргызстанда эң ысык температура 32 градуска чыгат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Эртең күндүз Ысык-Көл өрөөнүнүн көпчүлүү аймактарында, Нарын жергесинин айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас жергесинде +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +20...+25 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болот.
Термометр Бишкекте +28...+30, Ош калаасында +30...+32 градусту көрсөтөт.
Сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0