Чек арадагы чырдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 18ге жетти

Тез жардам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Жазылуу
Тажик тарап бүгүн саат 6дан тарта кыргыз айылдарын аткылай баштаган.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы тутанган жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 18ге жеткенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Буга чейин ооруканаларда 11 адам бар экени айтылган болчу.

"Саат 11:00гө карата берилген маалымат боюнча, Баткен облустук ооруканасында 18 жабырлануучу жатат. Алардын абалы жана жаракаты кийинчерээк айтылат. Саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн тартипте иштөөдө", — деп жазылган билдирүүдө.

Дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү.
Учурда чек арада эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Курал-жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек ара: атышууну токтотуу макулдашылганы менен тажик тарап аны аткарбай жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0