Куралдан ок атып жаткан аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында абал тынч эмес. Баткен облусунун үч аймагында, тагыраагы, Булак-Башы, Как-Сай жана Паскы-Арык тилкесиндеги чек ара заставаларында атышуу болуп, улам токтоп кайра жанданууда.
Жеринде эки мамлекеттин Чек ара кызматынын өкүлдөрү, Баткен, Согд облустарынын башчылары жолугушууларды өткөрүп жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги чек арадагы абалга көз салып, соңку маалыматтарды берип турмакчы.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:15 14.09.2022
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атылган октон 11 жаштагы кыргызстандык бала жарадар болду.
Жабырланган тестиер учурда Лейлек райондук ооруканасында экендигин айтышты.
Ок оң ийинин тешип кеткен жана сол жаагынан жаракат алган. Медицина кызматкерлери абалын орточо оор деп билдиришти.
21:43 14.09.2022
Россия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча президенттер Жапаров менен Рахмонго кайрылды
Россия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга өтө маани берүү менен көз салып тургандыгын айтып, Кыргызстан, Тажикстан президенттерин кандай гана чагымчылык болбосун ага биргелешип каршы турууга чакырды.
Бул боюнча РФтин ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берген.

Тараптардын чек ара маселесин Россиянын чек араны бөлүү, өзгөчө коңшу Борбор Азия мамлекеттери жаатында бай тажрыйбасын колдонуп, өз ара алгылыктуу, узак мөөнөттүү чечим кабыл алуусуна көмөктөшүүгө даяр экендигибизди билдиребиз", — деп айтылган анда.

19:59 14.09.2022
Кыргызстандын жана Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү эмне тууралуу сүйлөштү. Тизме
19:28 14.09.2022
"Тажик тараптан кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар аткылады"
Кыргызстандын Чек ара кызматы өзгөчө тынчсызданууну жараткан деп төмөнкү маалыматты жарыялады.
"Айрыкча, тажик тараптан кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат", — деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Тажик тараптын гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонгону айтылды.
18:59 14.09.2022
Баткенде эки жай жаран жарадар болду, аялдын абалы оор
Баткенде кыргыз-тажик чек арасында, "Самаркандек" заставасынын аймагындагы атышуудан кыргызстандык эки жай жаран жарадар болду. Алардын ичинен 31 жаштагы аялдын абалы оор болууда. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.
Жаракат алгандардын бири 21 жаштагы Г.у.Б. аттуу эркек бала менен жогоруда белгилеген 31 жаштагы аял киши.
Эркек баланын башынан жарадар болгону, ал эми аялдын белине жана ичине ок тийгенин билдиришти.
17:33 14.09.2022
Эки делегациянын жолугушуусу башталды

Баткендин Радар жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстан делегацияларынын жолугушуусу башталды. Эки топту Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери жетектөөдө.
Ушу тапта кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат.
16:33 14.09.2022
Эки кыргызстандык жоокер жарадар болду
Атышуу башталгандан бери эки чек арачы жарадар болгону маалымдалды.
"Миномёттун снаряды жарылганда анын сыныктары денесин чийип өтүп, бир чек арачы жеңил жараат алган. Экинчи жоокер контузия болгон", — дешти кызматтан.
16:30 14.09.2022
Чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерлерге барып, атышуунун келип чыккан себебин тактап жатышат. Сүйлөшүүлөр уланууда.
16:28 14.09.2022
Ал арада УКМК ЖМК өкүлдөрүнө кайрылды
Чек ара заставасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Чек ара боюнча жалган маалымат таратуудан этият болгула! УКМК эскертти
16:24 14.09.2022
Эки өлкөнүн облус башчылары жеринде абалды жөнгө салуу жолдорун сүйлөшүп жатышат
16:22 14.09.2022
Кыргыз-тажик чек арасында жашаган элдин коопсуздугу көзөмөлдө турат

ӨКМ тургундарды эвакуациялоо тууралуу буйрук келбегенин билдирди. Зарылчылык жаралса алып чыгып кетүүгө даяр турушат.
16:21 14.09.2022
Ал арада Баткендин атышуу болгон Булак-Башы тилкесинде талаанын күйүп жатканы айтылган. ӨКМден 10 куткаруучу чыгып кеткен.
Пожар на поле в местности Булак-Башы - Sputnik Кыргызстан
Пожар на поле в местности Булак-Башы - Sputnik Кыргызстан
16:19 14.09.2022
Акыркы маалымат боюнча үчүнчү тилкеде — Паксы-Арыктагы "Самаркандек" заставасындагы атышуу токтоду.
Буга чейин Булак-Башы жана Достукта тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргыз тарап жооп иретинде курал колдонгон болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0