Башкы прокуратура: Бекмурзаев декларацияга айрым мүлктөрүн атайын көрсөткөн эмес

© Sputnik / Жоомарт УраимовКызматынан четтетилген энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив
Кызматынан четтетилген энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Жазылуу
Буга чейин көзөмөл органы министрге кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогон.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кызматынан четтетилген энергетика министри Доскул Бекмурзаев декларацияда айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин көзөмөл органы министрге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Өз кезегинде министр энергосекторго киргизген тартиби баарына жакпай калганын айткан.
Бүгүн Башкы прокуратура Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түзгөнүн билдирген.
Башкы прокуратуранын дагы бир маалыматында Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, "Улуттук энергохолдинг", "Кыргыз жылуулук энерго" ишканаларынын кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөр, иш сапар чыгымдары мыйзамсыз төлөнгөндүгү айтылып, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылар боюнча 11 кылмыш иши козголгону жазылган.
"Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун наамына энергетика системасында коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталбагандыгы, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, кирешелерди декларациялоо мыйзамдарынын бузулушу аныкталып, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизилген", — деп жазылат маалыматта.
Көзөмөл орган Бекмурзаев Салык кодексин жана мыйзамдарды бузуп, 2022-жылы ага жана анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырбаганын белгилеген. Ошондой эле министр 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес.
Доскул Бекмурзаев президенттин жарлыгы менен энергетика министри кызматынан тергөө бүткөнгө чейин четтетилди.
Күмтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Мамлекетке 1 млрд. сомдой зыян келген. Кумтөр боюнча үч кылмыш иши козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0