Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЛЭР: Рубежное шаарынын жакындарынын сөөгүн издеген жашоочуларынын видеосу

© Sputnik / Александр ГальперинРубежное шаары. Архив
Рубежное шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Жазылуу
Талаа командиринин айтымында, кишилерди массалык түрдө көмгөн жайда жарым миңге чукул кишинин сөөгү жашырылган.
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Луганск Элдик Республикасынын бошотулган аймактарына, анын ичинен Рубежное шаарына кайтып келген мурдагы жашоочулардын көбү согуш учурунда көз жумган жакындарынын сөөгүн издеп жүрөт. Бул тууралуу РИА Новости telegram-каналында баяндады.
Сентябрдын башында талаа командачылыгы Рубежное шаарынан массалык көмүү болгон жерден 238 адамдын сөөгүн алып чыккандыктарын билдирген.
Жергиликтүү тургун кабарчыларга энесинин көмүлгөн жерин көрсөткөн.
"Башыңа кайгы түшүп турганда, баары оор, кыйын. Бирок апамды таап, кайра жерге берүүдө, документтерди толтурууда бул иштерди уюштуруп жаткандардын сылык, аярлап жасаган мамилеси таң калтырды", — деген ал аял.
Дагы бир жашоочу атасынын сөөгүн кантип тапканын айтып берген.
"Бул жерден атамды таптык, алып кетиш үчүн документтерди топтоп жатабыз, эми кайра көмөбүз. Аткылоо болуп жаткан учурда тынчсызданып ары-бери чуркап жүргөнбүз, ал эми атам каза болуп калды. Аны дезинфекция кылган санитардык-профилактикалык мекемеге алып бардык. Каттап, андан соң аскерлер көмүштү. Ошол каттоо боюнча бул жерге сөөгү жашырылгандыгын таптык", — деп айтып берген жергиликтүү тургун Виктория Олефиренко.
Украина агрессиясынын курмандыктарын издөө боюнча ведомство аралык жумушчу топтун талаа командасынын командири Юлия Кожевникова төмөнкүлөргө токтолгон.
"Рубежное шаарындагы согуштан кийин массалык көмүүдө 500гө чукул адамдын сөөгү жашырылган", — деп айтып берген ал.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.
Президенттин айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү.
Өлгөндөрдүн арасынан жакынын издегендер. Мариуполдон тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Өлгөндөрдүн арасынан жакынын издегендер. Мариуполдон тартылган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0