Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалына чыга албай калды. Видео

© Photo / UWW / Kadir CALISKANКыргызстандын балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандын балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Жазылуу
Тыныбекова финалга чыгуу үчүн япониялык атаандашы Нонока Озаки менен кармашкан.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында атаандашына 5:11 эсебинде жеңилип калды.
Чемпионат ушул тапта Сербиянын борбору Белград шаарында өтүүдө.
Тыныбекова килемде 62 килограмм салмакта кармашты.
Ал 1/8 финалда болгариялык Биляна Живкова Дудованы 3:2 упай менен, чейрек финалда германиялык Луиза Хельга Герда Неймехти 4:0 упай эсебинде жеңген.
Ал эми жарым финалда япониялык атаандашы Нонока Озакиге 5:11 упай менен жеңилип, алтын медаль үчүн күрөшө албай калды.
Эми Тыныбекова коло байге үчүн кармашат.
Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0