Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Жазылуу
Эми алтын үчүн кармашта Жоламан болгариялык Эдмонд Армен Назарян менен күрөшөт.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Ал 60 килограмм салмактагылар арасында кармашты. Жоламан финалга чыгуу үчүн казакстандык Айдос Султангали менен кез келип, аны 7:0 упай эсебинде утту.
Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде, 1/4 финалда АКШлык Илдар Хафизовду 4:0 упай менен жеңген.
Эми алтын үчүн кармашта болгариялык Эдмонд Армен Назарян менен күрөшөт.
Жоламан досум чемпиондукка жол ачты. Акжолдун жеңиштен кийинки видео маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Жоламан досум чемпиондукка жол ачты. Акжолдун жеңиштен кийинки видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0