Кыргызстандын сүт азыктарын кайсы өлкөлөр алат. Тизме

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүСүт азыктары. Архивдик сүрөт
Сүт азыктары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Жазылуу
Сүт азыктары экспорттолгон чет өлкөлөрдүн катарында Афганистан менен Бириккен Араб Эмирлиги бар.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кайсы чет өлкөлөр Кыргызстандан сүт азыктарын аларын Sputnik агенттигинин кабарчысы Статистика боюнча улуттук комитеттин отчётунан карап чыкты.
Маалымат ушул жылдын I жарым жылдыгына карата алынды. Мында азыктардын экспортунун көлөмү акча менен эсептелген.
Сүт жана каймак:
Казакстан — 2,6 миллион доллар (мындан ары да доллар менен);
Россия — 276,4 миң.
Коюлтулган же кант кошулган сүт жана каймак:
Казакстан — 3,3 миллион;
Өзбекстан — 289,8 миң;
Афганистан — 240 миң.
Майсыздандырылган каймак, йогурт, айран:
Казакстан — 4 миллион;
Өзбекстан — 45,3 миң;
Россия — 20,6 миң;
БАЭ — 10,6 миң.
Сүттүн сары суусу:
Өзбекстан — 101,9 миң;
Афганистан — 30,8 миң.
Ак май:
Казакстан — 2,3 миллион;
Россия — 1,6 миллион;
Өзбекстан — 103 миң;
БАЭ — 0,5 миң.
Сыр жана быштак:
Россия — 2,6 миллион;
Казакстан — 1,4 миллион;
Өзбекстан — 65,6 миң.
Уй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Кыргызстанда уйлар сүттү көп бере баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0