https://sputnik.kg/20220909/deputattar-fonddogu-akchasyn-koboyttu-1067708693.html
Депутаттар айлыгын көбөйтүп, фонддогу акчасын эки эсе жогорулатканы белгилүү болду
Депутаттар айлыгын көбөйтүп, фонддогу акчасын эки эсе жогорулатканы белгилүү болду
Sputnik Кыргызстан
Мындан ары парламентарийлер ай сайын ар кандай чыгымдары үчүн 80 миң сом ала баштайт. 09.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-09T17:52+0600
2022-09-09T17:52+0600
2022-09-09T17:53+0600
саясат
депутат
маяна
фонд
көбөйтүү
чечим
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1e/1060850733_3:415:2903:2046_1920x0_80_0_0_13b9c7c97398fb3ed60b79b740746e1e.jpg
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өз фондуна каралган каражатты эки эсе көбөйтүү жана маянасын жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына парламенттеги ишенимдүү адамдар билдирди.Учурда региондорго барууга транспорт чыгымы, кагаз-калем алуу сыяктуу муктаждыктарына деп ар бир депутаттын фондуна 40 миң сомдон берилет. Эми аны 80 миң сомго көтөрүү чечими кабыл алынды. Эл өкүлдөрү маяналарын дагы жогорулатууну чечишкен, бирок суммасы азырынча белгисиз.Белгилей кетсек, шаршемби күнү депутаттар кызматтык колдонуудагы купуя документтер келип түшкөнүн айтып, жабык эшик артында жыйын өткөргөн болчу. Аталган маселелер ошондо каралып, регламентке киргизүү боюнча токтом кабыл алынганы айтылды.Маалыматты эл өкүлү Дастан Бекешев тастыктап, азыркы фонд муктаждыктарга жетпей жатканын белгиледи.Ал эми депутат Эмил Токтошев жабык эшик артында өткөн жыйынга катышпаганын, бирок кесиптештеринен угуп жатканын билдирди.Белгилей кетсек, учурда ЖК төрагасы 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом маяна (оклад) алат. Иш тажрыйбасына, класстык чинине карап дагы кошумча төлөнөт.Өткөн жылдын 2-декабрында президент Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнүн маянасын азайтуу боюнча жарлык чыгарганы маалымдалган. Кийинчерээк 500 сомго гана азайганы белгилүү болгон.
https://sputnik.kg/20220909/ayal-deputattar-kyzmattyk-unaa-alyshty-1067693900.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1e/1060850733_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_ecb30866248d1822e57982e3890f6759.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
саясат, депутат, маяна, фонд, көбөйтүү, чечим
саясат, депутат, маяна, фонд, көбөйтүү, чечим
Депутаттар айлыгын көбөйтүп, фонддогу акчасын эки эсе жогорулатканы белгилүү болду
17:52 09.09.2022 (Жаңыртылды: 17:53 09.09.2022) Мындан ары парламентарийлер ай сайын ар кандай чыгымдары үчүн 80 миң сом ала баштайт.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өз фондуна каралган каражатты эки эсе көбөйтүү жана маянасын жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына парламенттеги ишенимдүү адамдар билдирди.
Учурда региондорго барууга транспорт чыгымы, кагаз-калем алуу сыяктуу муктаждыктарына деп ар бир депутаттын фондуна 40 миң сомдон берилет. Эми аны 80 миң сомго көтөрүү чечими кабыл алынды. Эл өкүлдөрү маяналарын дагы жогорулатууну чечишкен, бирок суммасы азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, шаршемби күнү депутаттар кызматтык колдонуудагы купуя документтер келип түшкөнүн айтып, жабык эшик артында жыйын өткөргөн болчу. Аталган маселелер ошондо каралып, регламентке киргизүү боюнча токтом кабыл алынганы айтылды.
Маалыматты эл өкүлү Дастан Бекешев тастыктап, азыркы фонд муктаждыктарга жетпей жатканын белгиледи.
"Бизге шайлоочулар тигини-муну кылып бер деп өтө көп кайрылышат. Бирок, ишенесизби, бизде бир дагы бюджет жок, фонд эле бар. Мисалы, шаардык кеңештин депутаттарына бир жылга 4 миллион сом берилет. Аны эч ким билбейт. Мисалы, мен коомдук кабылдамамды өзүм ремонт кылдым. Ал жерге коомдук жардамчы алып отургузайын деп жатам. Эми 10 миң сом берсең эч ким келбейт да. Бул маяна эмес, ар кандай чыгымдарга берилет. Мисалы, Оштон шайланган депутаттар шайлоочулары менен жолукса авиабилет алганга, бензинине деп каралган. Ал эми айлык акыны жогорулатуу тууралуу билбейт экенмин", — деди Бекешев.
Ал эми депутат Эмил Токтошев жабык эшик артында өткөн жыйынга катышпаганын, бирок кесиптештеринен угуп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, учурда ЖК төрагасы 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом маяна (оклад) алат. Иш тажрыйбасына, класстык чинине карап дагы кошумча төлөнөт.
Өткөн жылдын 2-декабрында президент Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнүн маянасын азайтуу боюнча
жарлык чыгарганы маалымдалган. Кийинчерээк 500 сомго гана азайганы белгилүү болгон.