Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киевдин кыртышы сүйбөй турат... МАГАТЭнин докладынан кийинки ойлор

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЗапорожье атомдук электр станциясындагы атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин делегациясы
Запорожье атомдук электр станциясындагы атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин делегациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Жазылуу
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Рафаэль Гросси башында турган миссиясынын докладына байланыштуу окуя бүтчүдөй түрү жок. Дагы бир доклад же кандайдыр бир документ жарыяланат өңдүү.
МАГАТЭнин 52 барактан турган доклады жетиштүү, башка жазбайт дейсизби? Башкалары, жазмакерлери да, агенттиктери да табылышы ыктымал деп боолголойт Дмитрий Косырев. Серепчинин макаласын РИА Новости агенттиги жарыялаган.
Киев бир нече күн мурун эле альтернативалуу инспекция, кандайдыр бир өзөктүк аудитти сунушташкан. Зеленский докладды күтпөй эле МАГАТЭ миссиясынын ишине ичи чыкпаганын билдирсе, киевдик режимдин айрым өкүлдөрү акылга сыйбаган пикирлерин ортого салган. Маселен, "өзөктүк, инженердик-өзөктүк аудит" сунушталган. МАГАТЭге альтернатива да табылышы мүмкүн экенин да айтышкан. Кантип? Кайсы уюм? Мындай агенттиктен бирөө эле го...
Европа биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун миссиялары да жөнөтүлсүн дейли. Анткен менен МАГАТЭ да БУУнун тутумунун бир бөлүгү эмей эмне? Ушул демилге Украинанын премьер-министра Денис Шмыгаль менен ФРГнын канцлери Олаф Шольцтун жолугушуусунда да талкууланган. Анткени андай миссия Европанын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого чоң көмөк болмок.
Айтор, бул окуя улана берет окшоп калды. Бейтараптуулуктан таптакыр четтеген дагы бир докладды күтө берсек болчудай. Мындай бүтүм чыгарууга БУУнун укук коргоо боюнча бир бөлүмүнүн документи түрттү. Анда: "Пекин бул провинцияда жапырт жырткычтыкка "барышы" мүмкүн", — деген жагымсыз сап камтылган. Таң калыштуусу, быйыл май айында эле БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Синьцзянга иш сапары менен барган.
Ал жакшы өтүп, "Синьцзяндагы кыргын" жөнүндө эч кандай билдирүү деле жасалган эмес. Эмнеликтен дал азыр мындай кызык бир документ ортого чыгып калды? Бул иш боюнча иликтеген Пекиндеги Global Times басылмасы бул докладдын Мишель Бачелетке тиешеси жоктугу, анын Синьцзянга болгон сапары боюнча эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун башка бир бөлүмү тарабынан даярдалганын жазып чыкты.
Запорожье атомдук электр станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
МАГАТЭ миссиясы өз отчетунда Запорожье АЭСин аткылоону токтотууга чакырды
Андай документ Кытайга инспекциялык сапар менен барбай туруп эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши өңдүү эч бир структурага таянбастан 2019-жылдан бери даярдалып келген. Кыязы, БУУ ири система болгондуктан зарыл бөлүмдү, кишилерди таба коюшат өңдөнөт. Мишель Бачелеттин сапарына да бут тосууга жан талашышкан.
Рафаэлем Гроссинин Запорожье атомдук электр станциясына барышына да бөгөт коюуга аракеттер болбой койгон жок. Акыры МАГАТЭ үмүттү актабаса башкасын таба коебуз дешти көрүнөт. Ушул эки окуядан кийин эл аралык саясатты тескөө структураларынын баары Батыштагылар тарабынан билип туруп талкалоого баратышабы деген ойго аргасыз келесиң. Эл аралык коомчулук деген түшүнүктү да бузуп бүтүшөбү деп кейийсиң. Болбосо бул да механизм жана система катары далай кыйынчылык менен жай, жарым кылымдап араң түптөлбөдү беле.
Эмнеге анда Бириккен Улуттар Уюму, андан соң толгон-токой атайын бир багыттагы агенттиктер түзүлдү эле?! Ойго келчү бардык маселелерде көз карандысыз дүйнөдө арбитрлер институту болсун деген тилек болгон.
Ооба, дүйнө бири-бири менен атаандашып турган Чыгыш менен Батышка бөлүнгөн. Андан тышкары, бейтарап болууга умтулган ондогон мамлекеттер бар. Баары бири-бири менен кайсы бир маселени талашып-тартышып, ал тургай согушмайга чейин барышат. Бирок көз карандысыз, калыс арбитрлер бар. Алардын маңызы көз карандысыз жана бейтараптуулукта эмеспи.
Дегеле кынтыксыз дебесек да эл аралык коомчулукту салыштырмалуу бир тартипте кармап келет. Мындай системаны 90-жылдардан бери талкалап келишкен эле, эми дүйнө бир, ал эми анын кожоюну бирөө гана (ким экени белгилүү) болору айдан ачык. Ошол эле атайын бир багыттагы эл аралык структураларды Батыштын өзү билемдигин жаап-жашыруучу түзүмдөргө айлантуу үчүн тымызын күрөш жүргөн. Бирок ага каршы чыккандар да болбой койгон жок. Андай агенттиктердин көпчүлүгүндө Кытайдын таасири күчөп, алар үчүн бул процесс дагы татаал тартып, чиеленишип калды.
Дал ушул тапта бейтарап арбитрлерге аалам суусап турган чагы. Демек, кандай болгон күндө да, далай күрөш жүрсө да, эл аралык калыс уюм-агенттиктер мындан ары да иш алпара бермекчи.
Запорожье АЭСи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
МАГАТЭ: Запорожье АЭСиндеги коопсуз аймактын так параметрлери жакында берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0