Путин РФтин чет өлкөдөгү гуманитардык саясатынын концепциясын жактырды

© Sputnik / Павел Быркин / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архив
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2022
Жазылуу
Документтин максаттарынын бири дүйнөдө өлкө жөнүндө объективдүү көз карашты калыптандыруу болуп саналат.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россиянын чет өлкөдөгү гуманитардык саясатынын концепциясын бекитти. Документ укуктук маалымат расмий порталына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Россиянын чет өлкөлөрдөгү гуманитардык саясатынын максаты — дүйнөдө өлкө жөнүндө объективдүү көз карашты калыптандыруу, бекемдөө, дүйнөлүк тарыхта жана маданиятта Россиянын ролун жана ордун түшүнүүгө көмөк көрсөтүү, адамдардын ортосундагы байланышты кеңейтүү болуп саналат", — деп жазылган документте.
Маалым болгондой, гуманитардык саясат Россиянын тышкы саясатынын негизги бөлүктөрүнүн бири.
Концепцияда көрсөтүлгөн тапшырмалар:
Россиянын бай тарыхын жана маданий мурасын, салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын сактаган мамлекет катары көрсөтүү;
Орус дүйнөсүнө мүнөздүү салттарды коргоо, сактоо жана жайылтуу;
РФтин аймагында жашаган бардык элдин маданиятынын кадыр-баркын бирдей тааныган Россиянын федералдык түзүлүшүнүн артыкчылыктарын жайылтуу;
Дүйнөдө орус тилинин ролун, маанисин күчөтүү;
Ата мекендик билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Путин аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0