https://sputnik.kg/20220905/batken-kyz-olum-1067436502.html
Сөөгү тоннелден табылган. Кадамжайда 14 жаштагы кыз киши колдуу болду
Сөөгү тоннелден табылган. Кадамжайда 14 жаштагы кыз киши колдуу болду
Sputnik Кыргызстан
Милицияга чабан чалып, кыздын сөөгүн мал жайып жүрүп көрүп калганын айткан. 05.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-05T21:18+0600
2022-09-05T21:18+0600
2022-09-05T21:25+0600
кыргызстан
баткен
кыз
өлүм
шектүү
милиция
https://sputnik.kg/img/101935/25/1019352575_0:79:1620:990_1920x0_80_0_0_8dac14b1ad83678a94569d186740a0f2.jpg
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз киши колдуу болгонун ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, 4-сентябрь күнү саат 15:25тер чамасында милицияга Кадамжай районуна караштуу Алга айылынын тургуну чалып, мал жайып жүрүп Ноогардан айылынын түштүк тарабындагы сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз аялдын сөөгү жатканын кабарлаган. Аталган факт РИИБдин электрондук журналына катталган.Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголгон."Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.Учурда тергөө иштери уланууда.ЖМКлардын алдын ала маалыматы боюнча, кыз зордукталган.
https://sputnik.kg/20220904/ekaterinburg-kyrgyzstan-ehne-bala-satuu-1067531195.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101935/25/1019352575_180:0:1620:1080_1920x0_80_0_0_d27a2154473fd4e97cce384e80a9f833.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен, кыз, өлүм, шектүү, милиция
кыргызстан, баткен, кыз, өлүм, шектүү, милиция
Сөөгү тоннелден табылган. Кадамжайда 14 жаштагы кыз киши колдуу болду
21:18 05.09.2022 (Жаңыртылды: 21:25 05.09.2022) Милицияга чабан чалып, кыздын сөөгүн мал жайып жүрүп көрүп калганын айткан.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз киши колдуу болгонун ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 4-сентябрь күнү саат 15:25тер чамасында милицияга Кадамжай районуна караштуу Алга айылынын тургуну чалып, мал жайып жүрүп Ноогардан айылынын түштүк тарабындагы сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз аялдын сөөгү жатканын кабарлаган. Аталган факт РИИБдин электрондук журналына катталган.
"Аялдын өздүгүн тактоо учурунда ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну, 14 жаштагы К.А. аттуу кыз экени аныкталган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Эмнеден көз жумганын билүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
ЖМКлардын алдын ала маалыматы боюнча, кыз зордукталган.