Куспайсың, чыда, маршрутка жок! Бала ташыган шаардыктардын жол азабы

© Sputnik / Жоомарт УраимовМршруткага отуруп жаткан кыз. Архив
Мршруткага отуруп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2022
Жазылуу
Күз келип, аны менен катар окуу башталганы Бишкекте дагы бир көйгөй башталды. Өзгөчө жаңы конуштарда жашагандарга жол азабы — көр азабы болуп турган чак.
Бүгүн кадимкидей эле эртең менен эрте туруп, баламды мектепке даярдап атасы менен узатып, өзүм кызымды жетелеп бала бакчага жөнөдүм.
Жол катар эле ак-кара кийинген окуучулар менен студенттер. Маршруткалардын ичи жык-жыйма. Окуучулар менен кошо эртең менен жумушка шашкан адамдардан орун тийбейт. Балдар тызылдап кол көтөргөн менен маршруткалар албай кетип жатышты. Мен да экөөнү өткөрүп жиберип, үчүнчүсүнө араң отурдум. Кызым экөөбүз эптеп оозуна тыгыла жармаштык. Антпесек кечиге турганбыз. Түшөрүн түшүп алып жетмегибиз тозок болду. Кенедей кыз кайнаган элден тумчугуп калбасын деп терезе жакка коюп өзүм артында, эшиктин түбүндө бир буттап турдум.
Эшиги жакшы жабылбайт экен, маршрутка жүрүп бара жатат. Кайра жабайын десем айдоочу "жабылбайт, жөн кой. Жөлөнбө, кулап кетесиң" деп бурк этти. Же кармагычы жок, "өзүм куласам да кызым аман барсын" деп ансайын кызымдан көзүмдү албай бир буттап бара жаттым. Бир аз жүрүп дагы токтоду, эртеден бери зарыга күткөн эл түшүүгө далалат кылды эле "батпайсыңар го" деп ичиндеги эки-үчөө сүйлөндү. Эки кичинекей окуучу баласын ээрчиткен келин, анан дагы бир окуучу болбой эле кыпчылып киришти. Маршрутканын эшигин сырттан бирөө жапкандай болду. Айдоочу да "бутуңарды ары алгыла, тоңкойбой нары тур" деп жанындагыларды бир сыйра зекип алганга жетишти. Ал ортодо дагы бир чоңураак бала кускусу келип түшүп калды. Ошентип кайра сапарыбызды уладык.
Маршруткада бут коёрго жер жок, таң атпай думугуп аба жетишпейт. Ошентип "кудай, эмнеси болсо да эми аман-эсен жетип алалы" дегиче болбой жанагы келиндин кичинекей балдарынын бири "кусам" деп ыйлай баштады. "Куспайсың, чыда, маршрутка жок. Куссаң өлтүрөм" деп энеси урушат. Бала байкуш эки мүнөт унчукпай калат да, кайра баштайт. "Ичине куспагыла, кечээ да ушундай болгон. Балдарды эмне тойгузасыңар" деп айдоочу кыйкырып жатат. Балага ичимден боорум ооруп "түшүп эле кустуруп койгулачы" дейин десем, ачуусу келип турган апасы "ишиң эмне" дей турган. Желим баштык издеп сумкабызды аңтарып чыккандар да болдук. Жанымдагы эже "кийимиме куспаса экен" деп күбүрөнүп сарсанаа. Иши кылып, кудай жалгап бечара энесинен коркконунан чыдады көрүнөт. №47 мектепке аз калганда бала ыйлап жиберди, энеси да ырас уулуна боору ооруду окшойт, түшүп калышты.
Диний кызматкер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Саясатташкан динби же диний саясатпы? Диндердин тарыхын окутуу тууралуу
Көп өтпөй биз да бала бакчага жеттик. Сыртка чыкканда бир киши болсо да маршрутканын ичи жеңилдегенине сүйүндүм.
Бакчага чейин кызымды жетелеп бара жатып маршруткадагы көрүнүшкө бир чети күлкүм келсе, бир чети ыйлагым келди. Бизди бирөө тигил жакта туруп алып шылдыңдап жаткандай эле туюлду. Жакында 1-класста окуган баламды өз алдынча мектепке барып келүүгө үйрөтөйүн дедим эле. Бирок ушундай акыбалда кантип барып келет? Кичине бала эмес 5-6-класстын балдарын маршруткада "ары тур", "бери тур", "сумкаңды ары ал" деп чүнчүтүп жиберебиз.
Тиги маршруткадагы келинди да түшүнгүм келди. Ал байкуш эки баласы менен маршруткага араң кирди да. Кийинкиси албай кетиши мүмкүн, сабагына кечигет. Ал алган күндө деле да ушундай эле тыгылыш болот. Мүмкүн таксиге эмес, машруткага араң акча таап жаткан энедир. Билбейм, кандай болсо да бала кыйналып кетти.
Качан балдарыбыз кор болбой ээн-эркин окууга барып келет? Мектепке ушинтип кыйналып барган балдардын окууга көңүлү келеби? Анан да чоң кишилерден суранарым, маршруткадан бирөөнүн баласын жанында ата-энеси жок болсо кагып-силкип уруша бербегилечи. Кичине баланы ордунан тургузуп коюп, чоң эле адамдар отуруп албагылачы.
1-июнда, балдардын майрамында бир күн балдарга шаар мэриясы Бишкектин борборунда концерт берип, бекер балмуздак таратып майрамдаткан болот. Андан көрө ушул маселени чечсеңер чоң белек болбойт беле. Чын эле балдарды жакшы көрөрүңөрдү, ойлооруңарды далилдемексиңер. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы да бул маселеге көңүл бурса!
Бала жайлоодо самоорго чай даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Уул баладан канткенде чыныгы эр жигит чыгат? Эненин ой толгоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0