Баткен башчысы Алимбаев баштаган аткаминерлер Зардалыга жөө барды. Видео

© Фото / пресс-служба полпреда президента в Баткенской областиБаткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев бир нече жетекчи менен алыскы Зардалы аймагына барды
Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев бир нече жетекчи менен алыскы Зардалы аймагына барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Жазылуу
Зардалылыктар жетекчилерден айылга өзгөчө макам берүүнү сураган.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев бир нече жетекчи менен алыскы Зардалы аймагына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп келди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Алимбаев менен бирге облустун прокурору, УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери барган. Алар тоо бооруна түшкөн кооптуу делген Даңги жолу менен жөө жетишкенин айтты.
"Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар" деген сөз бар. Бирок биздин зарыл ишибиз бар эле. Элди топтоп жыйын өткөрдүк, анда бир канча көйгөйлүү маселелер каралды. Зардалылыктардын негизги маселелери — айылга өзгөчө макам берүү, Кара-Белес жолун оңдоо, электр энергиясын жеткирүү, байланыш түйүнүн тартуу, селден кийинки суу каналдарын, арыктарын оңдоо жана башка социалдык маселелер экен", — деген Алимбаев.
Облус жетекчиси белгилегендей, жыйын түнкү саат 22:00гө чейин уланып, андан соң келген жетекчилерди ар бир үйгө бөлүп жаткырышкан.
"Тагыраак айтканда, ким кайсыл үйгө жатса ошол жетекчи түнөгөн үйгө бардык тараптан жардам берүү жагы тапшырылды", — деди Алимбаев.
Зардалы айылына болгон сапардын экинчи күнүндө ашуудагы сел алып кеткен жолдорду тиешелүү кызматтар менен көрүп чыгып, маселени чечүүнүн жолун талкуулашкан.
Алимбаев дүйшөмбү күндөн тарта бардык жетекчилер айтылган маселелерди чечүүгө кирише турганына ишендирген.
Облус жетекчиси Зардалы айылына барганда быйыл өрүктүн түшүмү мол болгонун байкаганын, ошону менен бирге элдин эмгекчилдигине, тез уюша калгандыгы менен ынтымактуулугуна баа бергенин кошумчалаган.
Зардалы айылы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Алыскы Зардалыга интернет жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0