5-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Жазылуу
Эртең өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда дүйшөмбү күнү ысыктын эң жогорку көрсөткүчү 37 градуска чыгарын Кыргызгидромет маалымдады.
Анда 5-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымалдыгы, өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болору кабарланган. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24...+29 жана Нарын жергесинде +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ошто +35...+37 градуска жетет.
Бишкек шаарындагы Манастын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Күндүн табы качан кайтат? Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0