https://sputnik.kg/20220902/ehrkek-60-sekten-alystap-ketet-1067457963.html
Эмнеге эркек 60тан ашары менен төшөк кумарынан алыстап кетет? Адистин жообу
Эмнеге эркек 60тан ашары менен төшөк кумарынан алыстап кетет? Адистин жообу
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, улгайып бара жаткан эркектердин негизги көйгөйү — кан тамырлардын ичкерип кетиши. 02.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-02T08:33+0600
2022-09-02T08:33+0600
2022-09-02T08:33+0600
ден соолук
медицина
эркек
импотенция
күч
оору
психология
https://sputnik.kg/img/07e6/09/01/1067457803_53:0:2688:1482_1920x0_80_0_0_f55125cef4640a55f0f8671a1f955cc0.jpg
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Эмне себептен 60 жаштан өтүп калган эркектер төшөк кумарынан оолактап кетет жана бул көйгөйдү кантип жойсо болот? Суроого "Доктор Питер" сайтына берген маегинде уролог, андролог, медицина илимдеринин доктору Александр Лубенников жооп берди.Адистин айтымында, улгайып бара жаткан эркектердин негизги көйгөйү — кан тамырлардын ичкерип кетиши. Тамырдын ичкеришин кант диабети, гипертония, семирүү сыяктуу оорулар шарттайт.Ошондой эле дарыгер эркекти "алдан тайдырган" башка себептерди атады:Адис кандай болгон күндө дагы психолог менен сексологдун кеңешин угуп, мындан тышкары, жубайы менен бул маселени ачык талкуулап, биргеликте чечүү туура экенин айтат.
https://sputnik.kg/20220820/zhynystyk-kaaloo-tamak-ash-dieta-1066967322.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/01/1067457803_382:0:2358:1482_1920x0_80_0_0_14d4b15b098c60b70293e0bc242c9e83.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ден соолук, медицина, эркек, импотенция, күч, оору, психология
ден соолук, медицина, эркек, импотенция, күч, оору, психология
Эмнеге эркек 60тан ашары менен төшөк кумарынан алыстап кетет? Адистин жообу
Адистин айтымында, улгайып бара жаткан эркектердин негизги көйгөйү — кан тамырлардын ичкерип кетиши.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Эмне себептен 60 жаштан өтүп калган эркектер төшөк кумарынан оолактап кетет жана бул көйгөйдү кантип жойсо болот? Суроого
"Доктор Питер" сайтына берген маегинде уролог, андролог, медицина илимдеринин доктору Александр Лубенников жооп берди.
Адистин айтымында, улгайып бара жаткан эркектердин негизги көйгөйү — кан тамырлардын ичкерип кетиши. Тамырдын ичкеришин кант диабети, гипертония, семирүү сыяктуу оорулар шарттайт.
"Тамыр ичкергенде кан жакшы жүгүрбөй калат. Андайда башка органдар сыяктуу эле эркектин жыныстык мүчөсү дагы жабыркайт. Андыктан бул илдеттерди дарылоо менен "белдин күчүн" жаш кездегидей болбосо дагы салыштырмалуу жакшыртса болот", — деди Лубенников.
Ошондой эле дарыгер эркекти "алдан тайдырган" башка себептерди атады:
тестостерон деңгээлинин төмөндөшү. Бул өзгөрүү көбүнесе организмдин карып бара жатканы менен байланыштуу;
айрым дары-дармектер. Өзгөчө гипертония, ашказан жарасы, депрессия, аллергия сыяктуу ооруларга узак мөөнөткө колдонулчу препараттар;
психологиялык учурлар. Алдан тая баштаган эркектер "өтөсүнө" чыкпай калам, уят болом деп коркуп, өзүнөн-өзү төшөк кумарынан баш тарта баштайт. Жыйынтыгында потенциясы ого бетер төмөндөп кетет.
Адис кандай болгон күндө дагы психолог менен сексологдун кеңешин угуп, мындан тышкары, жубайы менен бул маселени ачык талкуулап, биргеликте чечүү туура экенин айтат.