00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ишенапысова: сенек оорусун эмдөө жолу менен гана алдын алууга болот

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Жазылуу
Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова буга чейин сенек оорусу 1993-жылы катталганын айтты.
Сенек — нерв системасын жабыркатып, өлүмгө алып келүүчү курч жугуштуу оору. Бул илдет адамдарга да, жаныбарларга да мүнөздүү. Оорунун козгогучтары топуракта болуп, адамдын организмине жараат алган тери жана былжыр чел кабыктары аркылуу кирет. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ишенапысова: сенек оорусун эмдөө жолу менен гана алдын алууга болот
Анын айтымында, сенектин таякчалары жараатка киргенден кийин уу чыгарып, ал борбордук нерв системасына таасир этет да, дем алуу булчуңдарды жыйрылып, бүт денени карыштырып, жүрөк булчуңдарынын шал болушун шарттап өлүмгө кептейт.
"Cенектин оор формасы менен жетиштүү түрдө эмделбегендер, тагыраагы, жаңы төрөлгөн ымыркайлар, кош бойлуу келиндер жабыркашат. Ошондой эле сенек үч жаштан жети жашка чейинки балдарда көп кездешет. Бул куракта алар активдүү кыймылда болуп, ар кандай жаракаттарды көп алышат. Буга чейин сенек оорусу 1993-жылы катталган. Тилекке каршы, быйыл аталган оорудан беш жаштагы бала каза тапты. Ал профилактикалык эмдөөлөрдү төрөт үйүндө гана алган, ата-энеси башка вакциналардан баш тартышкан экен. Андыктан вакцинадан баш тартуунун кереги жок. Себеби бул ооруну эмдөө жолу менен гана алдын алууга болот. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөө календарына ылайык, сенекке каршы эмдөө үй-бүлөлүк, жалпы дарыгерлик борборлордо, ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт. Өлкөдө эмдөө графиги балдарды, өспүрүмдөрдү жана чоңдорду инфекциялардан коргойт. Алсак, эки ай, 3,5 ай жана беш айлык наристелерге пентавакцин (DTP-HBV-HIB) беш антигенден турган көп компоненттүү вакцина сайылат. Балдар эки жашында АКДС вакцинасын (адсорбцияланган көк жөтөл-дифтерия-сенек вакцинасы) алышат. Бул вакцинаны кургак учукка, полиомиелитке, кызамыкка, паротитке (шилекей безинин сезгениши, курч вирустук оору) каршы вакциналар менен бир убакта коопсуз жана эффективдүү жүргүзүүгө болот. Ал эми алты жашта АДС (адсорбцияланган дифтерия-сенек анатоксиди) вакцинасы сайылат. Андан кийин 11, 16, 26, 36, 46, 56 жаштагылар АДС-М вакцинасы менен эмделишет", — деди Ишенапысова.
Ал республикада инфекцияга каршы вакцинанын 11 түрү колдонуларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0