Жогорку Кеңештин депутаттары 1-сентябрда каникулдан кайтып келет

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Жазылуу
Эл өкүлдөрү биринчи сессияны 30-июнда жыйынтыктап кетишкен.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эки айлык тыныгуудан кийин жумушуна кайтып келет.
Парламенттин маалымат кызматы 1-сентябрь күнү саат 10:00дө жыйындар залында экинчи сессиясынын ачылышы болорун билдирди.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи сессиясы 30-июнда жыйынтыкталып, депутаттар жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууга кеткен. Бул эки айлык эс алуу катары да саналат.
Резиденциядагы үй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Экс-президент резиденциядан кетип, жан сакчыны өзү каржыласын. Мыйзам долбоору
Жаңылыктар түрмөгү
0