Ысык-Көлдө жеңил унаа менен кагышкан маршрутка оодарылып калды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан маршрутка. Архив
Жолдо бараткан маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, Тез жардам кызматы үч адамды ооруканага алып кетти.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Балыкчы — Каракол унаа жолунун Кызыл-Өрүк айылындагы тилкесинде кичи автобус жеңил унаа менен кагышып, оодарылып калды.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон жерден Тез жардам кызматы үч адамды алып кетти.
Ысык-Көл облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул боюнча кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Коргоо министрлиги жол кырсыктан жабыркаган курсанттардын азыркы абалын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0