Коргоо министрлиги жол кырсыктан жабыркаган курсанттардын азыркы абалын айтты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Кечээ аскерлер түшкөн атайын автоунаа жолдун боюндагы бакты сүзгөн.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жол кырсыгынан жаракат алган Аскер институтунун курсанттарынын абалы канааттандырарлык. Бул туурасында Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, окуя кечээ, 27-августта, курсанттар аскердик ант бергенден кийин "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин чыга беришинде катталган. Алар түшкөн атайын автоунаа жолдун боюндагы бакты сүзгөн. Тогуз адам ооруканага жаткырылганы кабарланган.
"Жаракат алган курсанттардын абалы канааттандырарлык. Бүгүн бирөө ооруканадан чыгат", — деп билдирди маалымат кызматы.
Кызматтык иликтөө башталып, окуянын эмнеден келип чыккандыгы териштирилип жатат. Кырсыкка кабылган курсанттардын так саны айтылган жок.
Ооруканадагы бейтап. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Элчи жана губернатор Ульяновскинин ооруканасындагы кыргызстандыктарга барды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0