35 градуска чейин ысыйт. Оштогу бир жумага карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы "Ак Ниет" паркы. Архив
Ош шаарындагы Ак Ниет паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Ош шаарынын өзүндө жуманын башынан аягына чейин күн ачык болот.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Келерки аптада Ош облусунда күн 35 градуска чейин ысыйт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктер Ошто салкындап калган аба ырайы кайра аптаптуу ысыкка айланарын айтууда.
29-31-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 1-сентябрда тоолуу жерлерде өткүн өтүп басылат.
2-сентябрда күндүн көзү толук ачылып, 4-сентябрга чейин жамгыр жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-августта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми Ош шаарында жуманын башынан аягына чейин күн ачык болот.
Баткен шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Баткенде жамгыр жаайбы? Келерки аптага карата божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0