Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карасартов: өлкөдө топчу өндүргөн "Кыргыз топчу" ишканасы ачылууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика жана соода министрлигинин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү секторунун башчысы Талантбек Карасартов
Экономика жана соода министрлигинин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү секторунун башчысы Талантбек Карасартов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Экономика жана соода министрлигинин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү секторунун башчысы Талантбек Карасартов 2021-жылы жеңил өнөр жайдын өндүргөн продукциясы 7 миллиард 346 миллион сомго бааланганын айтты.
Жеңил өнөр жайы текстиль, кийим жана тери-булгаары өндүрүшүнөн турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, булардын ичинен тигүү тармагы 80 пайызды ээлейт. Бул тууралуу Талантбек Карасартов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Карасартов: өлкөдө топчу өндүргөн "Кыргыз топчу" ишканасы ачылууда
Анын айтымында, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жеңил өнөр жай тармагындагы киреше 4,9 пайызга өстү.
"2021-жылы жеңил өнөр жайдын өндүргөн продукциясы 7 миллиард 346 миллион сомго бааланды. Ал эми тигүү тармагынын кирешеси 4 миллиард 800 миллион сомду түздү. Бул иштер жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылды. Быйыл жети айда 4 миллард 824 сомдук продукция өндүрүлдү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4,9 пайызга көп. Салык кодексинин жаңы редакциясында тигүү жана текстиль өнөр жайына 2027-жылга чейин 0,25 өлчөмүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык төлөө системасы киргизилди. 2021-жылы 24-декабрда министрлер кабинетинин токтому менен "Кыргыз индустрия" акционердик коому түзүлдү. Жеңил өнөр жайына олуттуу жеңилдик бере турган "Кыргыз топчу" деген ишкана ачылып жатат. Мындан тышкары, 2022-2026-жылдарга КРдин жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү долбоору иштелип чыгууда. Бул программанын максаты жеңил өнөр жай тармагында жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, калкты иш менен камсыз кылуу, эл аралык рынок болгон ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туруктуу суроо-талабын жаратуу жана ал үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат", — деди Карасартов.
Ал товар жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк ачкан артыкчылыктуу каражаттардын жалпы системасын (ВСП+) колдонуу менен Кыргызстандын 6 200 товарына (анын ичинде жеңил өнөр жайынын продукциялары бар) бажы жеңилдиктери берилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0