Чаткалдан Lexus менен 1,5 кг. алтын алып чыгып баратышкан. УКМК кармаган видео

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын. Архивдик сүрөт
Алтын. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Жазылуу
Мыйзамсыз жасалган иштерден улам мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтирилгендиги аныкталган.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Чаткал районунда алтын казган компаниядан мыйзамсыз алынган 1,5 килограмм алтынды алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"УКМКнын Жалал-Абад областындагы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине иш козгоду. Алар "О.Т." ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн", — деп айтылган билдирүүдө.
"О.Т." фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу боюнча лицензияда көрсөтүлгөн аянттын чегин бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу автоунааларды токтотуучу жай катары колдонуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.
Мындан сырткары, "О.Т." ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төкпөй мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып, ал ишке бөгөт коюлганы айтылды.
2022-жылдын 26-августунда Чаткал — Бишкек багытында бара жатканда "Сосновка" постунан Lexus GX 470 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Анын салонундагы аталган ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 килограммга жакын, мыйзамсыз казылган алтынды ташып бара жатканы аныкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында "О.Т." компаниясынын башкы директору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык УКМКнын Жалал-Абад областындагы тергөө камак жайына киргизилген.
Аталган ведомвстводон учурда тергөө иштери уланып жатканын билдиришти.
Кыргызстандын жаранынын биометрикалык паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Паспортту мыйзамсыз берип, пара алып... "Инфокомдун" кызматкери кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0