Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпиону Бивол менен жолукту. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпиону Бивол менен жолукту
Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпиону Бивол менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Боксчу мамлекет башчыга Кыргызстандын жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин айткан.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/4

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады

Жапаров аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
2/4

Жапаров аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Соңунда Жапаров Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырган

Соңунда Жапаров Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырган - Sputnik Кыргызстан
3/4

Соңунда Жапаров Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Спортчу мамлекет башчыга футболка жана символикалык мээлейди тапшырган

Спортчу мамлекет башчыга футболка жана символикалык мээлейди тапшырган - Sputnik Кыргызстан
4/4

Спортчу мамлекет башчыга футболка жана символикалык мээлейди тапшырган

1/4

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолукту

2/4

Жапаров аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады

3/4

Соңунда Жапаров Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырган

4/4

Спортчу мамлекет башчыга футболка жана символикалык мээлейди тапшырган

Жапаров аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады.
"Биз сенин карьераңды жакындан байкап турабыз, өзгөчө азыркы замандын эң күчтүү мушкери Сауль Альвареске каршы акыркы беттешиңди белгилегим келет. Бул жеңиш сенин деңгээлиңден жана даярдык даражаңдан кабар берет. Дагы бир жолу чемпиондук наамыңды коргошуң менен куттуктайм. Сен анча чоң эмес шаардан – Токмоктон чыккан жөнөкөй жигит дүйнөлүк спорттук аренада ийгиликке жете аларын далилдедиң", — деген Жапаров.
Президент машыктыруучулар курамынын, негизинен чыныгы дүйнө чемпиондорун тарбиялай алган Геннадий Машьяновдун эмгегин белгилеген.
"Мен спортчулардын ар бир ийгиликтүү таймашын жана машыктыруучулардын эмгегин жогору баалайм. Силердин ийгилик, силердин ата мекендик спорттун өнүгүшүнө кошкон салымыңар – бул спорт менен машыгууну каалаган жаштарга үлгү болуу. Биздин мамлекет ар дайым бул багытты колдоого даяр", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы Кыргызстан дене тарбия жана спортту, анын ичинде Бивол сыяктуу чемпиондорду тарбиялоо үчүн боксту да өнүктүрүүгө чоң көңүл буруусун улантарын айткан.
Бивол мамлекет башчысына жолугушуу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирген. Баарлашуунун жүрүшүндө мушкер Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө болгон көз карашы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин айткан. Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кыргыз мушкерлери менен бирге машыгуулардан алган таасирлерине токтолуп, бул жер машыгуу үчүн эң сонун экенин белгилеген.
Соңунда Жапаров Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырган. Спортчу мамлекет башчыга футболка жана символикалык мээлейди тапшырган.
Маалымат үчүн: Дмитрий Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. 2002-жылы үй-бүлөсү менен Санкт-Петербургга (Россия) көчүп кеткен. Профессионалдык карьерасын 2014-жылы баштаган. 20 ирет жеңишке жетип, анын 11ин нокаут менен аяктаган. Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери. WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону курунун ээси.
Профессионал боксчу Дмитрий Бивол  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Балалыгым Токмокто өткөнү үчүн тагдырга ыраазымын. Дмитрий Биволдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0