Балалыгым Токмокто өткөнү үчүн тагдырга ыраазымын. Дмитрий Биволдун маеги

© AFP / AL BELLOПрофессионал боксчу Дмитрий Бивол
Профессионал боксчу Дмитрий Бивол  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Жазылуу
Өткөн аптада дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргоп калган боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстандагы ЖМКлардын арасынан алгачкы жолу Sputnik агенттигине маек курду.
Профессионал боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп-өскөн. Учурда үй-бүлөсү менен Санкт-Петербург шаарында жашайт. Ал 8-май күнү Лас-Вегаста Канело каймана аты менен таанымал мексикалык айтылуу спортчу Сауль Альварести утуп, жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду.
Спортчу Кыргызстанда өткөн балалыгы, спорттогу пландары жана Альварес менен беттеши тууралуу айтып берди.
— Дмитрий, жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, фамилияңыз өзгөчө, мааниси кандай?
— Биволду которгондо "буйвол" дегенди түшүндүрөт. Атам Молдовада туулган. Кийин билим алуу үчүн Бологое (Россия) шаарына барып, ал жактан апам менен таанышып калыптыр. Апам Казакстанда туулган корей кызы. Экөө баш кошкон соң бир нече жыл Молдовада жашаптыр. Кийин Кыргызстанга көчүп келишкен. Эмнеге Кыргызстанга десеңиз, билишимче, тайларым Казакстанда жашап жүрүп Кыргызстанга келишкен. Андыктан ата-энем дагы алардын жанына барууну чечкен. Мен Токмокто туулгам.
— Жеңиштен кийин социалдык тармактарда тараган видеокайрылууңузда "Данияр, Токмоктон Вегаска жол бар экен. Баш көтөрбөй иштеш керек" деп айттыңыз. Кыргызстандыктар муну бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулуна арналды десе, казакстандыктар өздөрүнүн боксчусу Данияр Елеусиновго жолдоду деп кабыл алышты. Кимге кайрылганыңызды өзүңүз айтсаңыз.
— Мен видеону токмоктук досум, сиздер айтып жаткан машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулуна жөнөткөм. Ал шыктандырыш үчүн башка балдарга жөнөтүп, ошону менен видео тарап кетиптир. Ал эми Данияр Елеусинов тууралуу айтсам, ооба, ал дагы мени куттуктады. Экөөбүз ал-жайды сурашып, бири-бирибизди жеңиштерибиз менен куттуктап турабыз. Бирок сөз болуп жаткан видео ага арналган эмес.
— Кичине кезиңизден бокс менен машыксаңыз балдар арасында "маселе" чечкенде жакшы эле пайдасы тийсе керек. Өзгөчө Кыргызстандагы криминалдуу шаарлардын бири болуп эсептелген Токмокто?
— Токмокто 11 жашка чейин жашадым. Бардык балдар сыяктуу урушуп, мушташа берчүбүз. Бирок чоңоюп калган кезде мен боксёр болгондуктан өзүм теңдүү балдардын көбүнөн күчтүү экенимди түшүнүп калдым. Андыктан кара күчүмдү колдонбогонго аракет кылчумун.
— Жүрөгүңүздө Кыргызстандын орду кандай?
— Билесиңерби, азыр мен балдарымды карап туруп, алар мен өскөн жерде өспөгөнүнө боорум ооруйт. Анткени мен Кыргызстанды жылуу сезимдер менен эстейм. Балалыгым сонун жерде өттү. Классыбыз абдан ынтымактуу эле. Мен алар менен 6-класска чейин гана окусам да азыркыга чейин классташтардын мессенжер тайпасында бармын. Сүйлөшүп турабыз. Ата-энелер бири-бирин тааныйт.
Баса, кичине кезде мен машыгууга көбүнчө өзүм эле велосипед менен кетип калчумун. Азыр Санкт-Петербургда бирөө баласын машыгууга өзүн жалгыз жибереби?
@sputnik.kyrgyzstan Дмитрий Бивол ата-энеси Кыргызстанга кантип көчүп келгенин айтты #бивол #спорт ♬ оригинальный звук - Sputnik Кыргызстан
Балдар менен бөтөлкө, темир чогултуп, кичине акча таап алып оюн клубдарына барчубуз. Кыргызстанда жер-жемиш дагы өзгөчө даамдуу эле. Эсимде, короодо отурганда соодагерлер ат арабага толтура помидор жүктөп алып сатып келишчү. Анын даамын, жытын айта көрбөгүлө. Кийин Санкт-Петербургга көчүп келгенде супсак помидорлорду жеп алып, ушунча да даамсыз болобу деп таң калгам. Кыскасы, балалыгым Кыргызстанда өткөнүнө абдан ыраазымын.
— Токмоктогу балалык спорттогу мүнөзүңүздү калыптандырууга жардам берди деп ойлойсузбу?
— Албетте. Мен Токмок шаарында туулуп, ошол жакта окуп, машыгып, ошол учурдагы адамдарды кезиктирбесем, азыркыдай киши болбосом керек эле.
— Эми Канело менен мелдешиңиз тууралуу сүйлөшсөк, ал башка салмак ченинен сиздин салмагыңызга түшкөнү ылдамдыгын жайлатып койду деген ой кеткен жокпу?
— Ал жагын билбейм. Анткени башка салмак ченинде Канело менен боксташып көргөн эмесмин.
— Мындай суроо бергенимдин себеби: ал алгач сиздин мыктылыгыңызды моюндаганы менен кийин макул эмес экенин айтып, реваншка чыгууну каалап жатканын билдирди.
— Келишим боюнча, утулуп калган учурда ал реванш суроого укугу бар. Андыктан мен ага мындай мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүүмүн.
© AFP / ETHAN MILLERПрофессионал боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп-өскөн. Учурда үй-бүлөсү менен Санкт-Петербург шаарында жашайт
Бой за титул чемпиона мира WBA в полутяжелом весе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Профессионал боксчу Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп-өскөн. Учурда үй-бүлөсү менен Санкт-Петербург шаарында жашайт
— Аны менен кайра рингге чыксаңыз өз талаптарыңызды коёруңузду айттыңыз. Бул жерде гонорар тууралуу сөз болуп жатабы?
— Ал жагы дагы бар. Бирок негизгиси менин атым чемпион катары аталышын каалайм. Шарт боюнча, чемпиондор жарнамаларда биринчи туруп, рингге экинчи болуп чыгат. Албетте, мен дагы мындай нерселерди каалайм, бирок анын артынан түшпөйм. Реванш кааласа алат, каалабаса жок. Менин башка иштерим көп, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болууну каалайм. Канело менен беттештен каалаган нерсемди алдым.
— Акча маселеси тууралуу дагы сурап жатканым үчүн кечирим сурайм, бирок окурмандарга Канелону жеңгенде канча гонорар алганыңыз кызык болсо керек.
— Келишим боюнча сумманы атай албайм.
— Адатта Канело колго чабуул коёт эмеспи. Сиз буга даяр белеңиз?
— Албетте. Мен даярданып жатканда эле машыктыруучулар спарринг-өнөктөштөрүмө Дмитрийди колго ургула деп тапшырма беришкен.
— Болбой эле ийниңизге бир тийди окшойт?
— Ооба, тийди, бирок өзү күткөндөй жыйынтык чыгара алган жок.
© AFP / PATRICK T. FALLONДмитрий Бивол: "Эч ким ишенбесе дагы жеңишиң керек. Бала кезден бери бокста келе жатасың, эмнеге утулуп калышың керек" деп айтып жаттым. Негизи бул жолу рингде бокстун мыктысын гана эмес, өзүмдү дагы жеңүү болду деп ойлойм
Бой за титул чемпиона мира WBA в полутяжелом весе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Дмитрий Бивол: "Эч ким ишенбесе дагы жеңишиң керек. Бала кезден бери бокста келе жатасың, эмнеге утулуп калышың керек" деп айтып жаттым. Негизи бул жолу рингде бокстун мыктысын гана эмес, өзүмдү дагы жеңүү болду деп ойлойм
— Ал сизди жерден алып так көтөрүүгө аракет кылды. Муну менен өзүнүн артыкчылыгын көрсөткүсү келдиби?
— Мен муну айласы куругандагы аракети деп бааладым. Анткени айыгышкан беттеште чарчап турган учурда 83 килограммды өзүңдөн ашыра көтөргөнгө караганда, бир нече секунд эс алып алган жакшы эмеспи. Эгер көтөрүп салса, демек, айласы кетип, бирок алсыздыгын көрсөткүсү келбей турган кербези.
— Сиздин бокстагы ыкмаңыз абдан жагат, рингде жигиттик сапаттарды көрсөтөсүз. Эгер атаандашыңыз ыплас ыкмаларды пайдаланса, сиз дагы өзүндөй жооп бере аласызбы?
— Ооба, таза боксташууга аракет кылам. Анткени бала кезден бери эрежени бузбай таймашууга үйрөтүшкөн. Ансыз деле жеңишке жетсе болот.
— Спорттун башка түрү менен алектенгендердин чымыр денесин же сынган кулактарын карап билип коюшат эмеспи. Сиз көчөдөн боксчуну көрсөңүз таанып биле аласызбы? Дегеним, боксчуну сыртынан карап билип коюу оңой эмес дешет.
— Тааный алат болушум керек, анткени көпчүлүгү мурдун сындырып алышат.
Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жашоодо адашпаш үчүн гид болчу адам керек. Шевченконун мотивация берген маеги
— Демек, көчөдө урунарга тоо таппай жүргөндөр андай кишилерден оолак болгону жакшы турбайбы?
— Бирок жакшы боксташып, мурду сынбай жүргөндөр деле бар. Мисалы, Геннадий Головкиндин айрым сүрөттөрүн карасаңар, жаңы эле китепканадан чыккан кишиден айырмаланбайт.
— Карьераңызда кайсы таймашыңыз өзүңүзгө өзгөчө жагат?
— Албетте, соңкусу мен үчүн өтө сыймыктуу болду. Ага бардык бокс коомчулугунун көңүлү бурулуп турду. Анын үстүнө мени жеңет деп ойлогон эмес. Ошондуктан азарт дагы күчтүү болду. Өзүм менен өзүм диалог кылып, "Эч ким ишенбесе дагы жеңишиң керек. Бала кезден бери бокста келе жатасың, эмнеге утулуп калышың керек" деп айтып жаттым. Негизи бул жолу рингде бокстун мыктысын гана эмес, өзүмдү дагы жеңүү болду деп ойлойм.
Ошондой эле кубалык боксчу Салливан Баррера менен таймашымды абдан баалайм. Салливандын өзүнө ишеними бекем болчу, бирок мен жеңип чыккам.
— Россиянын жараны катары бул өлкөнүн курама командасы менен чыгып жүрчү элеңиз. Эмнеге бул ирет Кыргызстандын желеги менен чыктыңыз?
— Россия өкүлү катары чыкканы жаткандыктан мен катышчу мелдешти токтотуп коюуга аракет кылышты. Акыры "мейли, рингге чык, бирок гимн коюлбайт, туу колдонулбайт" дешти. Бирок уюштуруучулар мен келе жатканда экранга туулуп-өскөн жерим катары Кыргызстандын туусун чыгарып коюшуптур. Мага жагымдуу болду.
© AFP / AL BELLOДмитрий Бивол: мен Кыргызстанда туулуп-өскөнүмдү дайыма айта жүрөм. Кыргызстандык досторума, күйөрмандарыма ыраазымын
Бой за титул чемпиона мира WBA в полутяжелом весе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Дмитрий Бивол: мен Кыргызстанда туулуп-өскөнүмдү дайыма айта жүрөм. Кыргызстандык досторума, күйөрмандарыма ыраазымын
— Канело менен кийинки беттеш болсо Кыргызстандын туусу менен чыгасызбы?
— Азыр саясий жактан өтө кыйын учур болуп турат. Россиянын туусу менен чыгууга уруксат бербеген жерде башка өлкөнүн желегин көтөрөм деп талап коюу туура эмес болуп калышы мүмкүн. Баары шартка жараша болот. Бирок мен Кыргызстанда туулуп-өскөнүмдү дайыма айта жүрөм. Кыргызстандык досторума, күйөрмандарыма ыраазымын.
— Канело менен мелдештен кийин кимдир бирөөгө Геннадий Головкин тууралуу бир нерсени кыйкырып айтып жаттыңыз...
— Иш-чаранын уюштуруучусу, промоутер Эдди Хирнге тамаша иретинде "Геннадий Головкинге байланыштуу планыңды бузуп койгонум үчүн кечирим сурайм" деп айтып жаткам. Анткени Канело Биволду жеңсе, сентябрда Головкин менен жолукса деген тилеги, пландары бар болчу. Мен анын планын бузуп, ортодон жеңип чыга калганымды айтып тамашалап жаткам.
— Геннадий Головкин менен беттешип калышыңыз мүмкүнбү?
— Менимче, жок. Анткени азыр экөөбүз эки башка салмак категориясындабыз. Азыр боксчу Артур Бетербиевде биздин салмак чен боюнча эки кур, Жо Смитте бир кур бар. Мына ушул спортчулар менен беттешип калышым мүмкүн.
— Кыргызстанга келип кетүү планыңызда барбы?
— Мүмкүнчүлүк болсо эле барам, анткени көптөн бери туулган жеримди көрө элекмин. Бир аз убакыт үй-бүлөм менен эс алам деген оюм бар. Эгер ошол убакыт узунураак болсо барышым мүмкүн. Анткени кийин кайрадан АКШга кетишим керек.
© AFP / PATRICK T. FALLONДмитрий Бивол: жаштарга айтарым, силер кайсы жерде жашаганыңар роль ойнобойт. Негизгиси эмгек кылып, туура багытка бет алыш керек. Ошондо гана дүйнөнү багынта алабыз
Титульный бой в полутяжелом весе. Дмитрий Бивол — Канело Альварес - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Дмитрий Бивол: жаштарга айтарым, силер кайсы жерде жашаганыңар роль ойнобойт. Негизгиси эмгек кылып, туура багытка бет алыш керек. Ошондо гана дүйнөнү багынта алабыз
— Sputnik Кыргызстандын "Таймашуудагы маек" долбоору бар. Анда журналист респондент менен рингде боксташып жатып маек алат. Сизди рингге чакыруу өзүмө-өзүм өкүм чыгарганга барабар экенин түшүнөм. Бирок келип кетсеңиз жакшы болмок.
— Долбоордун максаты кандай?
— Рингде кандай эмоциялар болорун мага караганда сиз жакшы түшүнөсүз. Дал ошондой эмоциялар аркылуу адамдын чыныгы жүзүн ачып берүүнү көздөйбүз.
— Кызыктуу долбоор экен. Кыргызстанга бара турган болсом талкуулап көрөлү. Балким, сиз мени сабап коюшуңуз мүмкүн да рингде (жылмайып).
— Кыргызстандык көптөгөн жаштар үчүн стимул бердиңиз окшойт. Биздин өлкөдөгү боксту өнүктүрүүгө салым кошом деген пландар барбы?
— Азыр так кесе эч нерсе айта албайм. Бирок Данияр Төлөгөн уулу менен ар дайым байланыштамын. Спортчулардын көйгөйүн жакшы билем. Мисалы, кээде команданын кошумча машыгууларды өткөргөнгө каражаты жок болуп калат. Данияр айрым учурда мелдеш алдында чалып, балдар менен турам, дем-күч берип кой деп суранып калат. Албетте, жакшы сөзүмдү аябайм. Бирок батыл киришип, масштабдуу жардам берүүгө деңгээлим жете элек деп ойлойм.
— Соңку жеңишиңизден кийин Кыргызстанда сизди тааныгандардын, сыймыктангандардын саны көбөйдү. Аларга айтар сөзүңүз болсо керек?
— Досторума, тааныштарыма жана мени колдоп, жеңишиме кубанган ар бир адамга ыраазымын. Жаштарга айтарым, силер кайсы жерде жашаганыңар роль ойнобойт. Мына мен кичинекей Токмок шаарында туулгам, азыр дүйнө чемпионумун. Негизгиси эмгек кылып, туура багытка бет алыш керек. Ошондо гана дүйнөнү багынта алабыз.
Интервью серебряной медалистки ОИ в Токио Айсулуу Тыныбековой МИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Ызаландым, ыйладым, бирок күмүштүн баасы башкача болду. Айсулуу Тыныбекованын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0