Жайлообаев: өлкөлөр ортосунда сууну товар катары кароодо этияттык керек
© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев Жер жана Суу кодекстеринде карама-каршылыктар бар экендигин белгиледи.
Сууну эл аралык мамилелерде товар катары кароодо этияттык керек. Ошондуктан бул келечектин иши, бирок аракеттерди баштай берүү зарыл. Мындай пикирин Абдыбай Жайлообаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жайлообаев: өлкөлөр ортосунда сууну товар катары кароодо этияттык керек
Анын айтымында, суу колдонуунун экономикалык механизмдери учурунда каралбай калган.
"Жер кодексинде суу фондунун жерлери деген категория бар. Ошол жагынан караганда, Жер жана Суу кодекстеринде карама-каршылыктар орун алып калган. Суу кодекси 2005-жылы кабыл алынып, 2012-жылга чейин жоболору аткарылбай калды. Анан бир аз көңүл бурулуп эле кайра токтоп калып жатты. Натыйжада Суу кодекси иштебей туруп эле эскирип, учурдагы шартка ылайык келбей калды. Мисалы, учурда чакан ГЭСтерди курууга маани берилүүдө. Ал суу фондунун жерлерине курулуш керек, бирок тартип жоболору жок. Дагы бир жагынан өкмөттүн чечими менен гана берилет деп жазылып калган. Учурда 200дөй чакан ГЭС куруу үчүн лицензия берилген. Ар бирин өкмөт карап бере бергени болбойт. Мындан тышкары, Суу кодекси рыноктук мамилелерге ылайыктуу болбой калган. Негизи өлкө ичинде жана мамлекеттердин ортосунда суу колдонуунун экономикалык механизмдери жазылган эмес. Суу фондуна тиешелүү жерлер мамлекеттин менчигинде. Анткен менен учурунда мыйзамды бузган жагдайлар да жок эмес. Мисалы, Таластагы Киров суу сактагычынын суу каптаган жерин үлүшкө бөлүп салган. Ошондуктан суу фондунун жерлерин колдонуу үчүн тартип, жоболорду иштеп чыгуу керек. Мунун баарын Суу кодексинин жаңы редакциясына киргизүү зарылдыгы бар. Ал эми мамлекеттердин ортосунда суу ресурстарын товар катары кароодо этияттык менен мамиле кылуу шарт. Негизи экономикалык механизмдер болушу керек. Бирок бул эртең сууну сата баштайбыз деген кеп эмес. Анүчүн дүйнөлүк деңгээлде чечимдер кабыл алынып, көз караштар өзгөрүшү керек. Бул багытта аракеттер акырындан жасалууда. Климаттын өзгөрүүсү аталган маселелерди эртелетиши мүмкүн, бирок баары бир бул иш келечектин маселеси", — деди Жайлообаев.
Ошондой эле ал мамлекеттер ортосунда сууну товар катары кароо эл аралык нормалардан көз каранды экенин кошумчалады.