Кыз-келиндерге мурут өсүп, үнү жооноюп... Нарколог пивонун таасири тууралуу

© Фото / Pexels/ Karolina GrabowskaДевушка с бутылкой пива
Девушка с бутылкой пива - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Дүйнөдө жалпысынан эки миллиардга жакын адам спирт ичимдигин ичсе, анын 63 пайызы эркектер экен. Кыргызстан ичимдик көп ичкен өлкөлөргө кирбесе да акыркы кезде аракечтик курч көйгөйгө айланган.
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Венера Асанбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине сырага болгон көз карандылык тууралуу маек курду. Дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда көп колдонулуучу сыранын организмге тийгизген таасири жана анын аракечтикке алып келиши тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Венера Асанбекова
Врач-нарколог Республиканского центра психиатрии и наркологии Венера Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Венера Асанбекова
— Сырага болгон көз карандылыктын маани-маңызын түшүндүрүп берсеңиз?
— Эл аралык классификацияда сырага болгон көз карандылык же сыра алкоголизми деген диагноз жок. Бирок бул жалпы спирт ичимдиктерине байланышкан оорунун ичине кирет. Сыра алкоголизмин төрт стадияга бөлөбүз. Баштапкы стадиясында адам күн алыс 1-1,5 литр ичиши мүмкүн. Буга достору менен көңүл ачканда же чарчап маанайы жок кезде ичип койгондор кирет. Булар эртеңки күнү алкоголдук ичимдик ичип кетпейт. Кадимкидей жумушуна барып иштеп кете беришет. Организм аны талап кылбайт. Ал эми биринчи стадияда адам күнүнө жогорудагыдай норманы ичип турат. Эгер ичпесе жинденип, маанайы бузулуп туталанат. Алар сырага психологиялык жактан көз каранды болуп калгандар. Ал эми экинчи стадияда бейтап сыра ичпесе башы ооруп, жүрөгү бат-бат согуп, урушчаак болуп калат. Үй-бүлөсүнө тынчтык бербей ажырашуулар да көп кездешет. Ал эми үчүнчү стадияда көптөгөн оорулар келип чыгат. Сыраны айлап-жылдап ичсе организмди май басып кетет. Булар сыранын сапатына да көңүл бурбай күндө ичишет.
— Эмне себептен төрт стадияга бөлүнгөн?
— Дарылоо процесси үчүн бөлөбүз. Спирт ичимдиги сырада азыраак болгондуктан эйфорияга жетүү үчүн аны абдан көп ичишет. Бул убакта сыра организмге терс таасирин тийгизе баштайт. Анткени анда аялдарга тийиштүү гормон көбүрөөк болгондуктан адамдын организминдеги гормондордун бузулушуна алып келет. Башка спирт ичимдиктерине салыштырмалуу сыраны ачытып жатканда формалин канцероген затын көп колдонушат экен. Ошондой эле ага көбүк берүү үчүн кобальт химиялык элементинин кошулмасы керек. Ал кальцийдин аналогу болуп эсептелинет. Булар организмге зыян жана рак ооруларына алып келери шексиз. Сыранын жасалышы, адамга таасири башка ичимдиктерден айырмалангандыктан дарылоо ишинде бөлүп каралат.
— Жалпы Кыргызстанда спирт ичимдигине, анын ичинде сырага болгон көз карандылык боюнча статистика барбы?
— Сырага көз каранды адамдардын статистикасы жалпы спирт ичимдиктеринин статистикасы менен чогуу. Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы ичимдикке көз каранды 34 миң адам Республикалык наркология борборунда каттоодо турат. Алардын төрт миңи — аялдар. Акыркы алты айда эле бизге алкоголдук ичимдиктен жабыркаган 4 000 адам кайрылган, анын 200ү — айымдар. Күнүнө 20-25 адам келет. Бул эми кайрылганы эле.
— Дем алыш күндөрү чарчоосун жазып ичкенди адат кылып алгандар бар. Негизи алкоголго көнүп кетүүгө күнүнө канча литр же кандай режим таасир этет?
— Баштапкы стадияны ушул себептен кошконбуз. Анткени баары майдадан башталат. Күнүнө бир литрден ичсе деле ага организм акырындан көнөт. Ошол бир литр беш литрге чейин жеткен учурлар бар. Сыра ачытуунун тарыхын карасак, алгач Египетте суу менен буудайды кайнатып ачытышкан. Анын курамында бир пайызга жетпеген этанол болгон. Бүгүнкүдөй стабилизаторлор менен ароматизаторлорду кошушкан эмес. Ошол себептен ден соолукка зыяны жок, жөн гана сергитүүчү ичимдик болуп эсептелинет. Азыр ал жасалышы менен да айырмаланат. Негизинен төрт ингредиенттен (суу, ачыткылар, арпа угуту, хмель) турат. Андан башка да зыяндуу химиялык элементтер кошулат. Мисалы, кобальт организмге киргенден кийин жүрөк-кан тамыр органдарын жабыркатат. Кан тамырлардын серпилгичтигин начарлатуу менен тромбду пайда кылып, кан басымдын көтөрүлүшүн шарттайт. Бара-бара ал инсульт, инфаркт, ишемиялык ооруларга кептеп, андан бейтаптын өмүрү кыскарып же шал болуп калышы мүмкүн.
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Аритмияны дарылабаса адамды майып кылып, өлүмгө кептейт. Кардиологдун маеги
— Статистикада ичкиликке берилгендердин белгилүү бир жаш курактык тобу барбы?
— Сыра алкоголизмине 20 жаштан 40 жашка чейинкилер көбүрөөк кабылат. Ал эми негизинен 18 жаштан 80 жашка чейинки бардык курактагы адамдар ичет.
— Спирт ичимдиги адамды кандайча өзгөртөт?
— Бейтапты кабыл алып жатканда негизи сырткы келбетине да көңүл бурабыз. Сыра ичкен бейтаптар башкалардан кичине айырмаланып турат. Анткени толмоч тартып, шишип, курсактары чыгып кетет. Нерв системасы жагынан алганда булар дайыма тынчсызданып, урушчаак, маанайы жок, бир орунда тура алышпайт. Алар көбүнчө жүрөк, баш оорусун айтып даттанат. Мындай эркек бейтаптардын сырткы келбети аялга окшоп көкүрөгү, сан эттери чыгып калат. Сыраны көп ичкен кыз-келиндердин, тескерисинче, муруту, далысы чыгып, үндөрү жооноюп кетет.
— Жүрөк инфарктынын алдын алууда же кан коюуланып кеткенде бир стакан шарап ичип коюу керек дешет. Бул туура эле сунушпу?
— Алкоголдук ичимдик алгач кан басымды түшүрүп, анан эки саат өтүп кайра көтөрүшү мүмкүн. Ичимдик канды суюлтуп, анан коюулантат. Ал эми инфаркт кан менен байланыштуу болгондуктан жогорудагыдай кырдаалда ичимдик сунушташат.
— Адам эмне үчүн алкоголдук ичимдикке көнүп кетет?
— Мунун себептери абдан эле көп. Ичимдик зат алмашууну бузат. Алгач кан басым түшүп жатпайбы, кийин кан коюуланып спирт организмге тарайт. Ошол убакта организм алкоголь сурап баштайт. Катуу баш ооруп, уйку качышы мүмкүн. Буга бейтап алданып, ооруну басам деп кайрадан спирт ичимдигин иче баштайт. Ошондой жол менен уланып кетет. Адамдын эрки күчтүү болушу керек.
— Атасы же энеси көп ичсе баласы да ичип калары айтылат. Ичимдиктин биологиялык фактору барбы?
— Түйүлдүк жатында жатканда атасынан ген аркылуу, ал эми энесинен кан аркылуу сыпаттары берилет экен. Бирок бул атасы ичсе баласы да ичкич болуп төрөлөт деген сөз эмес. Ичимдикке көз карандылык тукум куубайт. Болгону кийин бала спирт ичимдиктерин ичип баштаса алкоголизм оорусун жеңе албай калышы мүмкүн.
— Негизи адамдар өз алдынча аракечтиктен арыла алабы?
— Бейтап билимдүү, эрктүү болсо жана спирт ичимдиктеринин зыяндуулугун билсе биринчи стадиясында өзү эле таштап коё алат. Ал эми 2-3-стадияларында сөзсүз түрдө адистин жардамы керек. Ансыз өз алдынча дарылануу опурталдуу болуп калат. Биз биринчи бейтаптын анализин алып, оорунун себептерин иликтейбиз. "Сиз ушундан биротоло кутулганга келдиңизби? Ниетиңиз барбы?" деп алгач оюн сурайбыз. Анан кандагы зыяндуу заттарды сыртка чыгарып, керектүү витаминдер менен организмди толуктайбыз. Ичимдик пайдалуу витаминдерди да жууп салат. Нерв оорулары, гастрит, ашказан жарасы, панкреатит, ичеги рагы, гепатит, жүрөк оорулары пайда болуп жатат. Ошол себептен бейтаптын жабаркаган органына жараша адистерден жардам сурап, аларды чакыртабыз. Сыра ичкенде көбүнчө бөйрөк жабыркайт. Ошол себептен урологдун жардамына жана психологдорго көбүрөөк муктаж болуп калабыз.
— Өспүрүмдөр да спирт ичимдиктерин ичип көрүүгө кызыгып, ууртап-татып көрүшөт. Республика боюнча өспүрүмдөрдүн ичимдикке тартылуусуна кандай бөгөт чараларды көрүп жатасыздар?
— Тарбия башаты — үй-бүлө. Ата-эне өзү спирт ичимдиктерин ичпеши керек. Андан кийин анын зыяндуулугун балага айтуу керек. Мектепте соцпедагогдор никотин, насвай, тамеки, спирт ичимдигинин терс таасири боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Андан тышкары, биз дагы мектептерде, жогорку окуу жайларында лекцияларды окуп турабыз.
Республикалык психикалык ден соолук борборунун врач-психиатры Айгерим Төлөбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Албарсты басабы же баспайбы? Психиатрдын уйку параличи тууралуу кызыктуу маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0