Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курары пландалууда

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүГЭС. Архив
ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Тараптардын жолугушуусу 22-августта Бишкекте өткөн.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын "Электр станциялары" ишканасы казакстандык Orient Trade Investment компаниясы менен каскад куруу боюнча меморандумга кол койгонун кабарлады.
Тараптардын жолугушуусу 22-августта Бишкекте өтүп, Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган (Алабуга ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС) Казарман ГЭС каскадын курууну макулдашкан. Беш-алты жылдын аралыгында пайдаланууга берүү пландалууда.
Каскаддын кубаттуулугу 1 160 мегаватт болот, курулуш иштерине 1 миллиард доллардан ашык каражат керектелет.
Казакстандык компаниянын жетекчиси Расул Теймуров маанилүү долбоорду биргеликте ишке ашырууга даярдыгын билдирген. Меморандумга кол коюуга Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катышкан.
A-Hid венгриялык компаниясы Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди долбоорлойт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Өкмөт КРдеги чакан ГЭСтерди венгриялык ишкана долбоорлой турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0